РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 1145-т (Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо тууралуу) тескемеси

Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-сентябрындагы № 677-т тескемесине ылайык 2026-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2025-жылдын 25-декабры № 1145-т

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 313-т тескемесинин редакциясына ылайык)

"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясын, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота 2026-жылга 100 000 адам санында аныкталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 313-т тескемесинин редакциясына ылайык)

2. 2026-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 818-т тескемеси;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-августундагы № 710-т тескемеси;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 1080-т тескемеси.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев