ПриказКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 01-23/269 «Кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарына талапкерлерди тандоо тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу

Редакцияот 25.09.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИИНИН БУЙРУГУ

 

 

2026-жылдын 25-сентябрындагы № 01-23/269

 

Кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарына талапкерлерди тандоо тартибин бекитүү жөнүндө

 

Кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу укугун ишке ашыруу үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, ошондой эле бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоонун бирдиктүү тартибин белгилөө максатында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацын аткаруу үчүн буйрук кылам:

 

1. Кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарына талапкерлерди тандоо тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кадрдык, финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү Агенттиктин кызматкерлерин ушул буйрук менен тааныштырсын, ошондой эле ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде анын Агенттиктин веб-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.

3. Агенттиктин кадр саясаты башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү:

- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде ушул буйрукту маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн;

- ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып жети жумуш күнүнүн ичинде анын электрондук версиясын электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтүүнү камсыз кылсын;

- Тартипти иште колдонуу үчүн мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтсүн;

- ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде Агенттиктин расмий веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.

4. Ушул буйрук, эгерде ушул буйрукта башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

 

Директордун милдетин

убактылуу аткаруучу,

директордун орун басары

 

 

 

Р.А. Кубаталиев

 

 

 

 

Тиркеме

 

 

 

 

БЕКИТИЛДИ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин

2026-жылдын “___” -_______________

№ ________________ буйругу

 

 

 

Кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарына талапкерлерди тандоо тартиби

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Ушул Тартип “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген квотаны эске алуу менен, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарын (мындан ары – бош кызмат орундары) ээлөө үчүн кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкерлерди тандоо механизмин, жана тиешелүү кызмат орундарын ээлөөгө коюлган квалификациялык талаптарга талапкерлердин ылайык келишин аныктайт.

2. Ушул Тартиптин максаты майыптыгы бар адамдардын мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка бирдей мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, басмырлабоо, ачык-айкындуулуктун, объективдүүлүктүн принциптерин ишке ашыруу жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоо болуп саналат. Талапкерлерди тандоо бош кызмат орду, майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу үчүн белгиленген квота, кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкерлер, талапкердин тийиштүү кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптарга шайкештиги болгондо жүзөгө ашырылат.

3. Бул Тартип белгиленген талаптарды бирдей колдонууну, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну, кызматтык ишти жүзөгө ашырууда мыйзамдуулуктун, ачык-айкындуулуктун жана жоопкерчиликтин принциптерин бекемдөөнү камсыз кылууга багытталган.

 

2. Кадрлар резервинде талапкерлердин бар-жогун текшерүү

 

4. Бош кызмат орду пайда болгондо мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматы конкурс жарыяланганга чейин квалификациялык талаптарга жооп берген майыптыгы бар адамдардын ичинен кадрлар резервинде талапкерлердин бар-жогун текшерет.

5. Кенже административдик кызмат ордуна дайындоодо майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкерлердин бар-жогун текшерүү мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) берген маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат.

6. Талапкердин ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтар жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматка кирет жана Кыргыз Республикасынын персоналдык маалыматтар жөнүндө мыйзамдарына ылайык анын кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн аныктоо максатында гана иштетилет.

7. “е-Kyzmat” автоматташтырылган маалыматтык тутумундагы кадрлар резервине киргизилген майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкер атайын статуска ээ адам катары аныкталат, ал ушул Тартипте белгиленген тартипте бош кызмат орундарына анын талапкерлигин автоматтык тандоодо жана сунуштоодо эске алынат.

 

3. Жумуш орундарын квоталоо

 

8. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, иштегендердин саны 25 адамдан кем эмес мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн майыптыгы бар адамдарды жумуш орундарына квоталоо ченемдери иштегендердин санынын кеминде 4 пайызы өлчөмүндө белгиленет. Мында аталган ченемдин эсебине толук эмес иштөө убактысынын шартында жумуш берүүгө жол берилет.

9. Майыптыгы бар адамдар үчүн белгиленген жумуш орундарынын квотасын сактоо жоопкерчилиги жумуш берүүчүлөргө жүктөлөт.

 

4. Квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү

 

10. Майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкер “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында тиешелүү мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордуна белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген шартта бош кызмат ордун ээлөөгө тандоого катышууга жол берилет.

Талапкердин талапкерлиги каралып жатканда анын төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү текшерилет:

- тиешелүү кызмат орду үчүн белгиленген кесиптик билим деңгээлине;

- административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат өтөө стажына же адистиги боюнча иш тажрыйбасына;

- бош кызмат орду боюнча функционалдык милдеттерге ылайык келген кесиптик көндүмдөргө жана компетенцияларга;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүүсүнө.

11. Талапкердин майыптыгынын болушу белгиленген квалификациялык талаптарды өзгөртүүгө, төмөндөтүүгө же аларды сактоодон бошотууга негиз болуп саналбайт, ошондой эле талапкер белгиленген талаптарга жооп берген шартта аны тандоого катышууга киргизүүдөн, талапкерлигин кароодон же кызмат ордуна дайындоодон баш тартууга негиз боло албайт.

12. Тандоону өткөрүүдө теңдик, басмырлабоо, объективдүүлүк жана ачык-айкындуулук принциптеринин сакталышы камсыз кылынат. Майыптыгы бар адамдардын ичиненчыккан талапкерлер тандоонун бардык этаптарынан өтүүдө башка талапкерлер менен бирдей укуктарга ээ болушат жана алардын кесиптик жана ишкердик сапаттары, квалификациясынын деңгээли, компетенциялары жана кызматтык милдеттерди аткарууга жөндөмдүүлүгү боюнча гана бааланат.

13. Майыптыгы бар адамдын талапкерлигин кароодо жана кызмат ордуна дайындоодо медициналык корутунду жана тиешелүү бош кызмат ордуна коюлуучу талаптар эске алынат. Тиешелүү кызматтык милдеттерди коопсуз жана талаптагыдай аткарууга тоскоолдук кылган медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн, ошондой эле ден соолугунун абалына, оорунун мүнөзүнө же жашоо-тиричилигиндеги белгиленген чектөөлөргө байланыштуу документтер менен ырасталган башка объективдүү жагдайлардын болушу талапкерликти кароодо жана кызмат ордуна дайындоо жөнүндө чечим кабыл алууда эске алынат.

14. Техникалык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөр болгон учурда мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы майыптыгы бар талапкерлердин тандоо жол-жоболоруна катышуусу жана андан ары кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча чараларды көрөт, анын ичинде “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жумуш ордун акылга сыярлык ыңгайлаштырууну камсыз кылат. 

15. Талапкердин квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү же ылайык келбестиги жөнүндө чечим конкурстук комиссия тарабынан берилген документтерди ар тараптуу, толук жана объективдүү кароонун негизинде кабыл алынат. Талапкердин кесиптик сапаттарына байланышпаган жагдайларга негизделген чечимдерди кабыл алууга жол берилбейт.

5. Талапкерлерди тандоо тартиби

 

16. Кадрлар резервинде квалификациялык талаптарга жооп берген майыптыгы бар адамдардын ичинен бир нече талапкер болгон учурда, тандоо төмөнкү критерийлерди эске алуу менен жүргүзүлөт:

- жеке функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү жана зарыл эмгек шарттарын эске алуу менен кызматтык милдеттерди аткаруу мүмкүнчүлүгү;

- талапкердин компетенцияларынын бош кызмат ордуна коюлган талаптарга ылайык келүүсү;

- билиминин деңгээлинин, кесиптик даярдыгынын жана иш тажрыйбасынын бош кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү;

- тиешелүү иш багыты боюнча иш тажрыйбасынын болушу;

- кесиптик окуунун, квалификациясын жогорулатуунун жана кайра даярдоонун натыйжалары;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтык технологиялар жана башка каражаттар менен иштөө көндүмдөрүнүн болушу;

- зарыл болгон атайын эмгек шарттарын эске алуу менен негизги кызматтык милдеттерди аткаруу мүмкүнчүлүгү.

17.Тандоо жөнүндө чечим мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү чечими менен таризделет.

 

6. Талапкерлердин жоктугу

 

18. Квалификациялык талаптарга ылайык келген майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкерлер кадрлар резервинде жок болгон учурда, мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бош кызмат ордун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматы жана муниципалдык кызматы жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте ээлөөнү камсыз кылат.

 

7. Эмгек шарттарын камсыз кылуу

 

19. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы майыптыгы бар адамдар үчүн зарыл болгон эмгек шарттарын, анын ичинде жумуш ордун акылга сыярлык ыңгайлаштырууну, ошондой эле зарыл болгон учурда колдоо көрсөтүүчү каражаттарды, анын ичинде сурдокотормону, тифлокоштоо кызматтарын жана башка каражаттарды пайдаланууну камсыз кылат. Мында реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасы эске алынат, эгерде мындай чаралар кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болсо жана өлчөмсүз же негизсиз оорчулук жаратпаса.

20. Майыптыга бар адамдар үчүн алардын ден соолугунун абалы жана майыптыгы менен шартталган чектөөлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык толук эмес жумуш убактысы белгилениши мүмкүн.

 

8. Корутунду жоболор

 

21. Ушул Тартиптин талаптарынын сакталышын контролдоону тиешелүү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн алкагында ага берилген ыйгарым укуктардын чегинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырат.

22. Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси ушул Тартиптин жоболорунун сакталышын камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу, зарыл болгон башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле тиешелүү органдын кызмат адамдары жана кызматкерлери тарабынан ушул Тартиптин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылуучу шарттарды түзүү үчүн жоопкерчилик тартат.

Жетекчи ошондой эле ушул Тартипти ишке ашыруунун алкагында алынган, иштетилген жана пайдаланылган персоналдык маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат.

23. Ыйгарым укуктуу орган белгиленген талаптардын сакталышына мониторинг жүргүзөт, методикалык жардам көрсөтөт жана ушул Тартипти колдонууга байланышкан маселелерди карайт.

24. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныкталган бузууларды жоюу, алардын кайрадан келип чыгышына жол бербөө жана ушул Тартипти колдонуу практикасын өркүндөтүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Ушул Тартиптин талаптарын бузуулар аныкталган учурда кызмат адамдары “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана тиешелүү кызмат адамдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.