Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-ноябрындагы № 740 «Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйымдын өлчөмүн убактылуу төмөндөтүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-ноябры № 740
Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйымдын өлчөмүн убактылуу төмөндөтүү жөнүндө
Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоодо транспорт каражаттарынын ээлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 231-статьясынын 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2026-жылдын 5-ноябрынан тартып 5-декабрына чейинки мезгилге транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйымдын өлчөмдөрү төмөнкүнү түзөт деп:
– резидент – жеке жактар үчүн – 250 эсептик көрсөткүч;
– юридикалык жактар үчүн – 500 эсептик көрсөткүч;
– резидент эместер үчүн – 700 эсептик көрсөткүч;
2) 2026-жылдын 5-ноябрынан тартып 5-декабрына чейинки мезгилге электромобилдердин алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйымдын өлчөмдөрү төмөнкүнү түзөт деп:
– резидент – жеке жактар үчүн – 200 эсептик көрсөткүч;
– юридикалык жактар үчүн – 400 эсептик көрсөткүч;
– резидент эместер үчүн – 600 эсептик көрсөткүч;
3) ушул токтомдун 1-пунктунун 1, 2-пунктчаларында каралган уруксаттар бир жылдык мөөнөткө катталат деп;
4) ушул токтомдун 1-пунктунун 1, 2-пунктчаларында белгиленген жыйымдын өлчөмдөрү M1 жана M1G категорияларындагы транспорт каражаттарына жайылтылат деп.
2. Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөгө уруксат берүү үчүн жыйымдын өлчөмдөрүн убактылуу төмөндөтүү колдонулган мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун ишинин маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөө жана уруксатты каттоо тартибинин 3, 4-пункттарынын колдонулушу токтотулуп турсун.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 5-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-ноябрындагы № 84 (3844) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |