ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-ноябрындагы № 742 «Экономикалык концентрацияны мамлекеттик контролдоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция05.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 5-ноябры № 742

 

 

Экономикалык концентрацияны мамлекеттик контролдоо

тартибин бекитүү жөнүндө

 

«Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Экономикалык концентрацияны мамлекеттик контролдоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 617 «Экономикалык концентрацияны контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-ноябрындагы № 84 (3844) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев