Экономикалык концентрацияны мамлекеттик контролдоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-ноябрындагы № 742 токтомуна тиркеме)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 5-ноябрындагы
№ 742 токтомуна)
Экономикалык концентрацияны мамлекеттик
контролдоо тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Экономикалык концентрацияны мамлекеттик контролдоо тартиби (мындан ары – Тартип) «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинде каралган төмөнкү бүтүмдөрдү жана иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо жол-жобосун аныктайт:
1) эки же андан көп чарба жүргүзүүчү субъекттердин биригүүсү же кошулуусу, эгерде мындай уюмдардын (алардын адамдарынын тобунун) биригүүсүнүн же кошулуусунун мурунку жылындагы календардык жыл үчүн товарларды жана кызматтар көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн жалпы пайдасы (кирешеси) 1 млрд сомдон ашса;
2) ишкердик ишин жүзөгө ашыруу максатында эки же бир нече уюм тарабынан чарба жүргүзүүчү субъектти (биргелешкен ишкана) түзүү, эгерде анын уставдык капиталы башка чарба жүргүзүүчү субъекттин негизги өндүрүштүк каражаттары же материалдык эмес активдери болуп саналган акциялар (үлүштөр), мүлк же активдер (акча каражаттарынан тышкары) менен төлөнсө жана эгерде уюштуруучулардын (алардын адамдарынын тобунун) түзүлгөн жылдан мурунку календардык жыл үчүн жалпы пайдасы 1 млрд сомдон ашса.
Кыргыз Республикасынын аймагында чарба жүргүзүүчү субъектти (биргелешкен ишкананы), анын ичинде чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын катышуусу менен түзүү, ошондой эле атаандаш-субъекттердин чарба жүргүзүүчү субъекттерди (биргелешкен ишкананы) түзүүсү, анын ичинде алардын ортосунда биргелешкен иш жөнүндө макулдашууну (анын ичинде жөнөкөй шериктештик келишимин) түзүү аркылуу, эгерде мындай чарба жүргүзүүчү субъекттердин (алардын адамдарынын тобунун) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн жалпы пайдасы (кирешеси) чарба жүргүзүүчү субъект түзүлгөн же биргелешкен иш жөнүндө макулдашуу түзүлгөн жылдан мурунку календардык жылда 500 млн сомдон ашса.
Ушул пунктчанын максаттары үчүн биргелешкен ишкана деп юридикалык жак – чарба жүргүзүүчү субъект же эки же андан көп чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда өз салымдарын бириктирүү жана туруктуу негизде өз алдынча чарбалык ишти жүзөгө ашыруу жолу менен жөнөкөй шериктештик келишимин (биргелешкен иш жөнүндө келишим) түзүүсү таанылат.
Адамдардын бир тобуна кирген жана бирдиктүү акыркы контролго алынган адамдардын биргелешкен ишкана түзүүсү же биргелешкен иш жөнүндө макулдашуу түзүүсү, эгерде мындай иш-аракеттердин натыйжасында контролдоонун өзгөрүшү болбосо экономикалык концентрация катары таанылбайт. Ушул пунктчанын максаттары үчүн адамдардын тобуна кирген чет өлкөлүк жактардын пайдасы (кирешеси) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчанын (кирешенин) бөлүгүндө, алардын каттоосунан жана аймактык таандыктыгынан көз карандысыз эске алынат жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан билдирүү берилген датага карата белгиленген чет өлкөлүк валютанын сомго карата расмий курсу боюнча кайра эсептелет;
3) чарба жүргүзүүчү субъекттин үлүштөрүн (акцияларын, пайларын) сатып алуу, эгерде сатып алуучунун жана үлүштөрү (акциялары, пайлары) сатып алынган чарба жүргүзүүчү субъекттин (алардын адамдарынын тобунун) сатып алынган жылдан мурунку календардык жыл үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн жалпы пайдасы (кирешеси) 1 млрд сомдон ашса, эгерде натыйжасында:
– субъекттин чечимдерин аныктоо мүмкүнчүлүгү келип чыкса, анын ичинде чарба жүргүзүүчү субъекттин башкаруу органдарынын бюджетти бекитүү, бизнес-план, инвестицияларды жана ири бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу, жетекчилерди дайындоо жана анын ишинин негизги багыттарын аныктоочу башка маселелер боюнча чечимдерин аныктоо укугун сатып алуу аркылуу;
– үлүштөрдүн (акциялардын, пайлардын) 25 %нан ашыгы сатып алынса;
– контролдоонун өтүшү, анын ичинде чарба жүргүзүүчү субъектти жеке же биргелешкен контролдоонун келип чыгышы же токтотулушу жүзөгө ашса;
4) чарба жүргүзүүчү субъектти өзгөртүп түзүү, эгерде мындай чарба жүргүзүүчү субъекттин (анын адамдарынын тобунун) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн жалпы пайдасы (кирешеси) өзгөртүп түзүү жылынан мурунку календардык жыл үчүн 1 млрд сомдон ашса.
2. Экономикалык концентрацияда жалпы пайда (киреше) бардык катышуучулардын (анын ичинде чет өлкөлүк жактардын) жана алар менен адамдардын бир тобуна кирген бүтүмгө катышуучулардын өтүнүч берилген же бүтүм түзүлгөн жылдан мурунку акыркы календардык жыл үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн жыйынды пайдасы (кирешеси) катары эсептелет.
3. Банктык кызмат көрсөтүүлөр жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү башка уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн рыногунда экономикалык концентрация процессин контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан коммерциялык банктар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактар үчүн аткарылышы милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Ушул Тартипти колдонуу максаттары үчүн өтүнмө ээси деп чарба жүргүзүүчү субъект же экономикалык концентрация жөнүндө алдын ала билдирүү берүү үчүн чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан ыйгарым укук берилген жеке же юридикалык жак эсептелет.
Ушул Тартипте колдонулган башка түшүнүктөр жана терминдер «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде аныкталган мааниде жана мазмунда колдонулат жана түшүнүлөт.
2-глава. Алдын ала билдирүү берүү тартиби
5. Экономикалык концентрация жөнүндө алдын ала билдирүү (мындан ары – билдирүү) төмөнкүдөй учурда берилет:
1) бириккенде, кошулганда – биригүүгө, кошулууга катышкан чарба жүргүзүүчү субъекттер же башка катышуучулар тарабынан ыйгарым укук берилген алардын бири тарабынан, чарба жүргүзүүчү субъектти (биргелешкен ишкананы) түзүүдө – анын уюштуруучулары (биргелешкен иштин катышуучулары) же башка катышуучулар тарабынан ыйгарым укук берилген алардын бири тарабынан;
2) үлүштөрдү (акцияларды, пайларды) сатып алууда же контролдоону сатып алууда – сатып алуучу (сатып алуучулар) же калган сатып алуучулар ыйгарым укук берген сатып алуучулардын бири тарабынан;
3) өзгөртүп түзүүдө – өзгөртүп түзүлүүчү чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан.
6. Биригүүгө же кошулууга катышкан чарба жүргүзүүчү субъекттердин бири же биргелешкен иштин башка катышуучулары тарабынан ыйгарым укук берилген катышуучулардын бири тарабынан билдирүүнү берүү бүтүмдүн бардык катышуучуларынын билдирүүнү берүү боюнча милдеттенмесинин аткарылышы болуп эсептелет.
7. Билдирүүнү өтүнмө ээсинин өкүлү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним каттын негизинде монополияга каршы органга бере алат.
8. Билдирүүгө тиркелген документтер анык болууга жана ушул Тартиптин 10–12-пункттарында белгиленген документтердин жана маалыматтардын тизмегине ылайык келүүгө тийиш.
Документтер түп нуска, тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмө формасында же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санариптик формада берилиши мүмкүн.
Мамлекеттик органдардын карамагында турган жана мамлекеттик маалыматтык системалар аркылуу жеткиликтүү болгон документтер жана маалыматтар өтүнмө ээсинен кайталап талап кылынбайт.
Ушул Тартиптин 10–12-пункттарында каралбаган кошумча документтер жана маалыматтар, эгерде алар каралып жаткан экономикалык концентрациянын атаандаштыкка тийгизген таасирин баалоо үчүн түздөн-түз зарыл болсо гана билдирүүнү кароонун жүрүшүндө суралат.
Суроо-талап аны жөнөтүүнүн укуктук негизин, тийиштүү товарга же кароонун башка предметине тиешелүү жетишпеген документтердин жана маалыматтардын тизмегин, алар суралып жаткан мезгилди (зарыл болгон учурда), ошондой эле суралып жаткан маалыматтын көлөмүн жана мүнөзүн эске алуу менен аларды берүүнүн 10 күндүк мөөнөтүн камтууга тийиш.
Жактын жүйөлүү өтүнүчү боюнча маалымат берүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтар жана документтер «конфиденциалдуу» деген милдеттүү белги менен берилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары ачыкка чыгарылууга же жарыяланууга жатпайт.
Товарларды өндүрүүнүн, сатуунун, экспорттоонун, импорттоонун көлөмү жөнүндө маалыматтар экономикалык концентрациянын катышуучулары тарабынан өндүрүлгөн же сатылган жана тиешелүү экономикалык концентрация таасирин тийгизген рынокторго таандык товарларга карата билдирүү берилген датадан мурунку эки финансылык жыл үчүн же эгерде ал эки жылдан аз болсо, иш жүргүзүү мөөнөтүнүн ичинде берилет.
9. Адамдардын тобуна кирген, бирок экономикалык концентрация таасирин тийгизген товардык рыноктордо иш жүргүзбөгөн жактар жөнүндө документтер жана маалыматтар берилбейт.
10. Ушул Тартиптин 1-пунктунун 1-пунктчасында каралган экономикалык концентрация жөнүндө билдирүүнү монополияга каршы органга берүү үчүн зарыл болгон документтердин жана маалыматтардын тизмеги:
1) биригүү, кошулуу же биргелешкен ишкана түзүү максатын, анын ичинде иштин түрүн же иштиктүү операциялардын географиясына пландалган өзгөртүүлөрдү негиздөө;
2) бекитилген уставдын көчүрмөсү же анын долбоору – юридикалык жак түзүлгөн учурда;
3) түзүлүүчү чарба жүргүзүүчү субъектке берилүүчү мүлктү берүү шарттарынын жана маалыматтарынын тизмеги, эгерде мындай берүү тиешелүү экономикалык концентрацияда каралса;
4) кайра уюштурулуп (түзүлүп) жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана алардын уюштуруучуларынын ар бири боюнча төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
– жеке жак үчүн – анын инсандыгын ырастоочу документтин маалыматтары, жарандыгы жөнүндө маалыматтар, ошондой эле жашаган жери жана юридикалык дареги;
– юридикалык жак үчүн – толук аталышы, мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтар, юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги, байланыш телефону. Билдирүүгө уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү, бухгалтердик баланс жана акыркы отчеттук мезгил үчүн финансы-экономикалык көрсөткүчтөр тиркелет;
– уставдык капиталдын өлчөмү жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшү;
– акциялардын түрлөрү боюнча саны;
5) ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн мезгил ичинде экономикалык концентрация таасирин тийгизген рынокторго таандык товарларды өндүрүүнүн, сатуунун, экспорттоонун жана импорттоонун көлөмү;
6) экономикалык концентрациянын катышуучулары менен адамдардын бир тобуна кирген жана ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн мезгил ичинде тиешелүү товардык рыноктордо иш жүргүзгөн жактар тарабынан мындай товарларды өндүрүүнүн, сатуунун, экспорттоонун жана импорттоонун көлөмү.
11. Ушул Тартиптин 1-пунктунун 2-пунктчасында каралган экономикалык концентрация жөнүндө билдирүүнү монополияга каршы органга берүү үчүн зарыл болгон документтердин жана маалыматтардын тизмеги:
1) бүтүмдүн түзүлгөндүгүн ырастоочу келишимдин (башка документтин) предмети, тараптар, бүтүмдү түзүүнүн негизги шарттары, ошондой эле сатып алуучу же анын ыйгарым укуктуу адамы кол койгон эркин формадагы кат түрүндө берилүүчү бүтүмдүн наркы (баасы) жөнүндө маалыматтар;
2) ага карата бүтүм түзүлүп жаткан сатып алуучу жана чарба жүргүзүүчү субъект жөнүндө, ошондой эле алар менен адамдардын бир тобуна кирген, Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык концентрациянын катышуучулары сыяктуу товардык рыноктордо иш жүргүзгөн чарба жүргүзүүчү субъекттер жөнүндө маалыматтар:
– жеке жак үчүн – анын инсандыгын ырастоочу документтин маалыматтары, жарандыгы жөнүндө маалыматтар, ошондой эле жашаган жери жана юридикалык дареги;
– юридикалык жак үчүн – толук аталышы, мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтар, юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги, байланыш телефону;
3) ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн мезгил ичинде экономикалык концентрация таасирин тийгизген товардык рынокторду аныктоо үчүн зарыл болгон экономикалык концентрациянын катышуучуларынын товарларды өндүрүү, сатуу, экспорттоо жана Кыргыз Республикасына импорттоонун көлөмү;
4) ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн мезгил ичинде ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан мындай товарларды өндүрүүнүн, сатуунун, экспорттоонун жана Кыргыз Республикасына импорттоонун көлөмү.
12. Ушул Тартиптин 1-пунктунун 4-пунктчасында каралган чарба жүргүзүүчү субъекттерди (алардын бирикмелерин) өзгөртүп түзүүдө документтердин жана маалыматтардын тизмеги, эгерде мында контролдоонун өтүүсү жүргүзүлсө:
1) чарба жүргүзүүчү субъекттерди (алардын бирикмелерин) өзгөртүп түзүүнүн максаты жөнүндө маалымат;
2) өзгөртүп түзүү аяктагандан кийин менчиктин жана контролдоонун болжолдонгон түзүмүнүн сыпаттамасы, анын ичинде аларга таандык болгон үлүштөрдүн (акциялардын, пайлардын) өлчөмүн көрсөтүү менен өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында контролдоо өткөн жактар жөнүндө маалыматтар;
3) уюштуруу документтеринин жана мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
4) тараптар макулдашкан бүтүм жөнүндө келишимдин долбоорунун көчүрмөсү (болгон учурда);
5) түздөн-түз өзгөртүп түзүлүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттердин ар бири боюнча уюштуруучулар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт:
– жеке жак үчүн – анын инсандыгын ырастоочу документтин маалыматтары, жарандыгы жөнүндө маалыматтар, ошондой эле жашаган жери жана юридикалык дареги;
– юридикалык жактар үчүн – толук аталышы, мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтар, юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги. Уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү, бухгалтердик баланс жана акыркы отчеттук мезгил үчүн финансы-экономикалык көрсөткүчтөр тиркелет;
– уставдык капиталдын өлчөмү жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшү;
– акциялардын түрлөрү боюнча саны;
6) өзгөртүлүп түзүлүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн мезгил ичинде өндүрүлгөн жана сатылган товарларды өндүрүүнүн, сатуунун, экспорттоонун жана импорттоонун көлөмү жөнүндө маалымат.
13. Билдирүү жана ага тиркелген бардык документтер монополияга каршы органга экономикалык концентрацияны жүзөгө ашырууга чейин берилет. Экономикалык концентрацияны жүзөгө ашыруу чарба жүргүзүүчү субъектти же тиешелүү укуктарды мамлекеттик каттоого алып келген учурларда билдирүү мындай мамлекеттик каттоого чейин берилет.
14. Монополияга каршы органга билдирүү берилген күн болуп ушул Тартипте каралган бардык зарыл документтер жана маалыматтар келип түшкөн күн эсептелет.
3-глава. Билдирүүнү кароо тартиби
15. Монополияга каршы орган билдирүүнү жана документтерди алган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде билдирүүнү кароого кабыл алуу же документтерди толуктап иштеп чыгуу үчүн кайтаруу жөнүндө өтүнмө ээсине жазуу жүзүндө же электрондук формада билдирет. Кайтарып берүү жөнүндө билдирүүдө экономикалык концентрациянын тиешелүү түрү үчүн ушул Тартиптин 10–12-пункттарында каралган жетишпеген документтердин жана маалыматтардын тизмеги же ушул Тартиптин талаптарына ылайык келбестиктин аныкталгандыгы көрсөтүлөт.
16. Монополияга каршы орган экономикалык концентрацияны карайт жана «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 3-пунктчаларында каралган бүтүмдөр жана аракеттер боюнча чечимди чарба жүргүзүүчү субъекттин билдирүүсүн жана документтердин толук топтомун алган күндөн тартып 90 жумуш күндүн ичинде, ал эми 1-бөлүктүн 2-пункту боюнча – 14 жумуш күндүн ичинде кабыл алат.
Материалдарды кароонун жана товардык рынокко талдоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө монополияга каршы орган конкреттүү экономикалык концентрациянын атаандаштыкка тийгизген таасирин баалоо үчүн түздөн-түз зарыл болгон кошумча документтерди жана маалыматтарды суроого укуктуу. Суроо-талап аны жөнөтүүнүн укуктук негизин, тийиштүү товарга же кароонун башка предметине тийиштүү суралган документтердин жана маалыматтардын тизмегин, суралып жаткан мезгилди (зарыл болгон учурда) камтууга тийиш. Кошумча документтерди жана маалыматтарды берүү мөөнөтү өтүнмө ээси суроо-талапты алган күндөн тартып үч жумуш күндөн ашпоого тийиш. Жактын жүйөлүү өтүнүчү боюнча маалымат берүү мөөнөтү монополияга каршы орган тарабынан узартылышы мүмкүн.
Эгерде монополияга каршы орган ушул пунктта каралган мөөнөттөрдө чечим кабыл албаса, экономикалык концентрация автоматтык түрдө жактырылды деп эсептелет.
17. Экономикалык концентрация атаандаштыктын чектелишине алып келеби же алып келиши мүмкүнбү деген маселени кароодо монополияга каршы орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Товардык рыноктогу атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүү тартибине ылайык товардык рынокко талдоо жүргүзөт. Талдоодо жалпы төмөнкүдөй жагдайлар эске алынат:
1) тиешелүү товардык рыноктун түзүмү;
2) ушул рынокто, ошондой эле анын чегинен тышкары иштеген чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан иш жүзүндөгү же потенциалдуу атаандаштыктын болушу;
3) экономикалык концентрациянын катышуучуларынын рыноктук абалы, алардын экономикалык жана финансылык күчү, анын ичинде үстөмдүк кылуучу абалды түзүү же күчөтүү мүмкүнчүлүгү;
4) тиешелүү товардык рынокто концентрация деңгээли;
5) рыноктун динамикалык мүнөздөмөлөрү, анын ичинде өсүш темпи;
6) рынокко кирүү же андагы ишти кеңейтүү үчүн укуктук, экономикалык же башка тоскоолдуктардын болушу;
7) кардарлардын жана акыркы керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктары.
18. Атаандаштыкты чектөөнүн бар экендиги жөнүндө тыянак ушул Тартиптин 17-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайларды жыйынды баалоого негизденүүгө жана тиешелүү товардык рыноктогу атаандаштыктын абалына экономикалык концентрациянын таасирин негиздөөнү камтууга тийиш.
19. Экономикалык концентрация жөнүндө билдирүүнү талдоонун натыйжалары боюнча монополияга каршы орган төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) сунушталган экономикалык концентрация Кыргыз Республикасынын тийиштүү товардык рынокторунда атаандаштыктын чектелишине алып келбей тургандыгын таануу жана аны жүзөгө ашырууну жактыруу;
2) сунушталган экономикалык концентрация Кыргыз Республикасынын бир же бир нече тиешелүү рынокторунда атаандаштыктын чектелишине алып келерин, бирок көрсөтүлгөн кесепеттердин алдын алуу, четтетүү же жумшартуу мүмкүн экендигин таануу жана атаандаштыктын аныкталган чектелишинин алдын алууга, четтетүүгө же жумшартууга түздөн-түз багытталган шарттарды сактоо менен аны жүзөгө ашырууну жактыруу;
3) сунушталган экономикалык концентрация Кыргыз Республикасынын бир же бир нече тиешелүү рынокторунда атаандаштыктын чектелишине алып келерин таануу жана аны жүзөгө ашыруудан баш тартуу.
20. Монополияга каршы органдын чечими жазуу жүзүндө таризделет, жүйөлөнгөн бөлүктү камтууга жана экономикалык концентрациянын катышуучуларына жиберилүүгө тийиш. Чечимдин купуя эмес версиясы монополияга каршы органдын расмий веб-сайтында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
21. Монополияга каршы органдын экономикалык концентрацияны жактыруу жөнүндө чечими төмөнкү жагдайлардын бири болгондо жокко чыгарылышы мүмкүн:
1) өтүнмө ээси тарабынан чечим кабыл алуу үчүн олуттуу мааниге ээ болгон анык эмес же адаштыруучу маалыматтар берилсе, эгерде ишенимдүү маалыматтарды берүү башка чечимди кабыл алууга алып келиши мүмкүн болсо;
2) чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан монополияга каршы органдын чечими менен түздөн-түз белгиленген шарттар же милдеттенмелер аткарылбаса, эгерде мындай аткарбоо атаандаштыкты олуттуу чектөөгө алып келсе же алып келиши мүмкүн болсо.
22. Жактырууну жокко чыгаруу жөнүндө чечим административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
23. Монополияга каршы орган тарабынан жактырууну берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болгон жагдайлар өтүнмө ээси тарабынан четтетилгенден кийин өтүнмө ээси аларды жоюуну ырастаган документтерди тиркөө менен кайрадан билдирүү менен кайрылууга укуктуу. Эгерде кайрадан билдирүү баш тартуу жөнүндө мурда кабыл алынган чечимде түздөн-түз көрсөтүлгөн жагдайларды четтетүүгө гана тиешелүү болсо жана экономикалык концентрациянын шарттарын өзгөртүүнү карабаса, монополияга каршы орган кайрадан билдирүүнү алган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде аны карап чыгат жана аны жактыруу же четтетилбеген жагдайларды көрсөтүү менен жактыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Экономикалык концентрациянын шарттары өзгөргөн учурда билдирүү ушул Тартиптин 16-пунктунда каралган тартипте жана мөөнөттөрдө каралат.
24. Монополияга каршы органдын аймактык бөлүмдөрү аларга келип түшкөн билдирүүлөрдү кароонун натыйжалары жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен монополияга каршы органдын борбордук аппаратына маалымдоого милдеттүү.
Эгерде аймактык орган кабыл алган чечимдин негиздемеси укук ченемсиз же негизсиз чечим болсо, монополияга каршы орган аймактык орган кабыл алган чечимди бардык документтерди алган күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде жокко чыгарат.
25. Монополияга каршы органдын алдын ала жактыруусун албастан же автоматтык жактыруу пайда болгонго чейин алдын ала билдирүүгө тийиш болгон экономикалык концентрация жүзөгө ашырылган учурда «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кесепеттер колдонулат.
4-глава. Ушул Тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
26. Эгерде жүзөгө ашырылган экономикалык концентрация жөнүндө билдирүүнү кароодо монополияга каршы орган тарабынан аны жүзөгө ашыруу атаандаштыктын чектелишине же жоюлушуна, анын ичинде чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк абалынын пайда болушуна же күчөшүнө алып келгендиги же алып келиши мүмкүн экендиги белгиленсе, монополияга каршы орган «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде бүтүмдү жокко чыгаруу (кайра уюштуруу) зарылдыгы жөнүндө чечим чыгарат, ал чарба жүргүзүүчү субъект алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде аткарылууга тийиш. Чечимде атаандаштыктын чектелиши жөнүндө тыянак үчүн негиз болгон жагдайлар жана бүтүмдү жокко чыгаруу зарылдыгынын негиздемеси камтылууга тийиш.
27. Монополияга каршы органдын чечимин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган, ошондой эле монополияга каршы органга билдирүү бербеген учурда, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
28. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана алардын кызмат адамдарынын айып пулду төлөөсү аларды монополияга каршы органдын көрсөтмөсүн аткаруу милдетинен бошотпойт.
29. Монополияга каршы органдын чечимдерине административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ал эми жаза колдонуу бөлүгүндө – укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
30. «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылган экономикалык концентрация юридикалык жактан арзыбаган болуп саналат.