РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-ноябрындагы № 831-т (Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон «Асман экологиялык таза шаары» долбоорун ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегин бекитүү тууралуу) тескемеси

Редакция05.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 5-ноябры № 831-т

 

Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон «Асман экологиялык таза шаары» долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон «Асман экологиялык таза шаары» долбоорун ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн уюмдардын дарегине жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө кошумча нарк салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.

3. Салык салуу боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтү ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорду ишке ашыруу мезгилине, бирок 5 жылдан ашык эмес колдонулат.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме

 

 

Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон «Асман экологиялык таза шаары» долбоорун ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын

тизмеги

 

№

Уюмдун аталышы жана ИСНи

Улуттук инвестициялык долбоордун жана/же мамлекеттик маанидеги долбоордун аталышы

Бекитилген мамлекеттик органдын аталышы

Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктердин түрлөрү

Салыктар боюнча алынган жеңилдиктердин алкагында улуттук инвестициялык долбоорлор жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор боюнча уюмдун милдеттенмелери

1

«РедСтоун Групп» жоопкерчилиги чектелген коому, ИСН 01007202410478

«Асман экологиялык таза шаары»

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында куруу үчүн арналган товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНСтин ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Долбоордун курулушун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо