ТоктомКүчүндө

Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 15-октябрындагы № 17/153 «Шалта жана Жангарач айылдарында ичүүчү сууну пайдалануу үчүн тарифти бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция15.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 15-октябры № 17/153

 

Шалта жана Жангарач айылдарында ичүүчү сууну пайдалануу үчүн тарифти бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 11-пунктуна, Кыргыз Республикасынын ичүүчү суу менен камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 320 «Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Шалта жана Жангарач айылдарынын калкын үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыз кылуу, суу түтүктөрүн жана суу менен камсыздоо тутумдарын күтүү, оңдоо жана тейлөө чыгымдарын жабуу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Шалта жана Жангарач айылдарынын жашоочулары үчүн ичүүчү сууну пайдалануу акысынын тарифи бир короо үчүн айына 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө 2027-жылдын 28-февралына  чейин белгиленсин.

2. Белгиленген тариф ичүүчү сууну пайдаланган короолорго карата колдонулсун. Төлөмдөрдү эсептөө жана жыйноо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана керектөөчүлөр менен түзүлгөн келишимдерге ылайык жүргүзүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн турак жай-коммуналдык чарба (ЖКХ) бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирсин.

 

 

Төрага

 

Б.М. Мамыркулов