Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-ноябрындагы № 832-т (2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине Кыргыз Республикасынын мүчөлүгүнүн алкагында уюштуруу чараларын камсыз кылуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 5-ноябры № 832-т
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин ишине 2027–2028-жылдар мезгилинде туруктуу эмес мүчө катары Кыргыз Республикасынын натыйжалуу катышуусун камсыз кылуу, көп тараптуу кызматташтыктын алкагында Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын жана тышкы саясий артыкчылыктарын илгерилетүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине Кыргыз Республикасынын мүчөлүгүнүн алкагында уюштуруу чараларын камсыз кылуу боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылануучу иш-чараларды кошпогондо, ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Иш-чаралар планын ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |