Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону колдонуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-ноябрындагы № 737 токтомуна 1-тиркеме)
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-ноябрындагы № 737 токтомуна) |
Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык
программалык камсыздоону колдонуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону колдонуу тартиби (мындан ары – Тартип) маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону (мындан ары – ФПК) колдонуу тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Ушул Тартиптин колдонулушу маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны колдонуу боюнча талаптарга туура келген иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөргө, ФПК операторлоруна жайылтылат жана маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны колдонууда алардын ыйгарым укуктуу салык органы менен өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салат.
3. Маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системаларына (мындан ары – ЫСО МС) берүү ыйгарым укуктуу салык органынын адистештирилген программалык камсыздоосу аркылуу жүзөгө ашырылат.
4. Ушул Тартиптин талаптары жайылтылган салык төлөөчүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ФПК реестрине киргизилген маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны колдонууга милдеттүү.
5. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) ФПК реестри – маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК реестрине белгиленген тартипте киргизүү жол-жобосунан өткөн маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделдери жөнүндө маалыматтардын жыйындысы;
2) ФПК операторлорунун реестри – маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК операторлорунун реестрине белгиленген тартипте киргизилген ФПК операторлору жөнүндө маалыматтардын жыйындысы;
3) ФПК оператору – маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны иштеп чыгуучу (ээси) болуп саналган же маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКнын укук ээси же иштеп чыгуучусу менен түзүлгөн лицензиялык макулдашуунун, келишимдин негизинде башка уюм тарабынан иштелип чыккан маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны толуктап иштеп чыгууга жана (же) жайылтууга укугу бар Кыргыз Республикасынын уюму же жеке ишкери.
Ушул Тартипте колдонулган терминдер жана аныктамалар ушул Тартипте аныкталган мааниде чечмеленет. Ушул Тартипте терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши жок болгон учурда терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын салык же тиешелүү мыйзамдарында аныкталган мааниде чечмеленет.
2-глава. Маалыматтарды берүү функциясы бар
ФПКны колдонуу
6. Кыргыз Республикасынын аймагында салык төлөөчүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны милдеттүү колдонуу менен ишкердик субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрүнүн тизмегине киргизилген иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууда маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны колдонууга милдеттүү.
7. Салык төлөөчү ишкердик ишти жүзөгө ашырганга чейин ФПКны каттоого жана анын белгиленген тартипте маалыматтарды түзүүгө жана берүүгө даярдыгын камсыз кылууга милдеттүү.
8. Калк менен эсептешүүдө маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны колдонгон салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу контролдук-кассалык машиналарды пайдалануу боюнча талаптарды жана эрежелерди аткарууга милдеттүү.
9. ФПК реестрине киргизилген маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделин жайылтууга ФПК операторлорунун реестрине киргизилген жактарга гана уруксат берилет.
10. Маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны колдонуу менен ишти жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны колдонууга арналган жабдууларды жарактуу абалда кармоого жана ушул Тартипке ылайык ыйгарым укуктуу салык органына маалыматтарды өз убагында берүүнү, анын ичинде байланыш кызматтарынын акысын өз убагында төлөө аркылуу камсыз кылууга;
2) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКга санкцияланбаган кирүүнү жокко чыгарууга;
3) салык контролун жүзөгө ашырууда салык кызматынын органынын кызматкерине кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө жана маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК тарабынан түзүлүүчү тиешелүү отчетторду кагаз жана (же) электрондук түрдө берүүгө;
4) каттоо маалыматтары өзгөргөн күндөн тартып маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны кайра каттоо жолу менен анын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылууга;
5) юридикалык жакты жоюу, ишин токтотуу же кайра уюштуруу жол-жобосу башталганга чейин маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны каттоодон чыгарууну камсыз кылууга;
6) ФПК реестрине киргизилбеген башка ФПКны колдонууну жокко чыгарууга;
7) ФПК реестрине киргизилген жана ЫСО МСга маалыматтарды бербестен иштей турган маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны колдонууну жокко чыгарууга;
8) ушул Тартиптин талаптарын аткарууга.
11. Төмөнкүдөй маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны колдонууга жол берилбейт:
1) ФПК реестрине киргизилбеген жана (же) андан чыгарылган;
2) ФПК операторлорунун реестрине киргизилбеген жана (же) андан чыгарылган ФПК оператору тарабынан тейленген;
3) ЫСО МСда катталбаган;
4) ЫСО МСга маалыматтарды берүүнү жүзөгө ашырбаган;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКнын техникалык талаптарга шайкештик жол-жобосунан өтпөстөн техникалык, анын ичинде программалык өзгөртүүлөр киргизилген.
12. Ушул Тартиптин талаптарын аткарбоо Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
3-глава. Маалыматтарды берүү функциясы бар
ФПКны каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу
13. ЫСО МСга маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу, анын ичинде салык төлөөчүдөн документтерди кабыл алуу акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
ЫСО МСга маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
14. ЫСО МСга маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны кайра каттоо салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин кошпогондо, салык төлөөчүнүн каттоо маалыматтары өзгөргөн учурда жүргүзүлөт.
4-глава. Тамактарды даярдоо боюнча ишти жүзөгө
ашырууда маалыматтарды берүү функциясы бар
ФПКны колдонуунун өзгөчөлүктөрү
15. Ашканага берилүүчү маалымат деп заказ алынгандан кийин салык төлөөчү тарабынан түзүлүүчү жана заказды андан ары даярдоо үчүн ашканага берилүүчү, ички өндүрүштүк максаттар үчүн гана пайдаланылуучу жана фискалдык документ болуп саналбаган документ таанылат.
16. Тамактарды даярдоого арналган маалыматта тамактардын баасын жана наркын көрсөтүүгө жол берилбейт.
Тамактарды даярдоого арналган маалыматка өзгөртүүлөр киргизилген учурда маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК тиешелүү өзгөртүүлөрдүн белгиленишин камсыз кылууга тийиш.
17. Түзүлгөн маалымат эсепке алуу жана контролдоо максатында Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКда сакталууга тийиш.
18. Ашканага берүү үчүн арналган маалыматты товарга же кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгүн ырастоочу жана контролдук-кассалык чекти алмаштыруучу документ катары колдонууга тыюу салынат.
5-глава. Контролдук-кассалык чектин айрым
реквизиттерин түзүүгө карата талаптар
19. Маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК контролдук-кассалык чекте товардык позициялар, арзандатуулар, бонустар, алдын ала төлөө жана башка операциялар жөнүндө маалыматтардын ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган талаптарга ылайык туура чагылдырылышын камсыз кылууга тийиш.
20. Контролдук-кассалык чекте көрсөтүлүүчү товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) аталышынын максималдуу узундугу, арзандатууларды, бонустарды, алдын ала төлөөлөрдү чагылдыруу тартиби, ошондой эле аларды бөлүштүрүү алгоритмдери жана контролдук-кассалык чекти түзүүнүн башка техникалык өзгөчөлүктөрү ыйгарым укуктуу салык органынын талаптары менен аныкталат.
6-глава. Уюмдарга жана жеке ишкерлерге
товарларды, жумуштарды жана кызмат
көрсөтүүлөрдү сатуу тартиби
21. Уюмдарга жана жеке ишкерлерге карата товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызмат көрсөтүүдө салык төлөөчү эсептешүүлөрдү маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны колдонуу менен тариздөөгө милдеттүү.
22. Маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык электрондук эсеп-фактураны тариздөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
23. Электрондук эсеп-фактураны тариздөөдө сатылуучу товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар салык төлөөчүнүн маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКда камтылган маалыматтарына шайкеш келүүгө тийиш.
24. Салык төлөөчү маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК аркылуу ЫСО МСга берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.