Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-октябрындагы № 815-т (2026-жылдын 27-сентябрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын ортосундагы 2026-2028-жылдар мезгилине каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 28-октябры № 815-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026-жылдын 27-сентябрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын ортосундагы 2026-2028-жылдар мезгилине каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Алкактык макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-октябрындагы № 815-т тескемеси менен жактырылган |
2026-жылдын 27-сентябрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азня инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын ортосундагы 2026-2028-жылдар мезгилине каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2026-жылдын 27-сентябрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын ортосундагы 2026-2028-жылдар мезгилине каржылоо планы жонүндо алкактык макулдашуунун (мындан ары - Алкактык макулдашуу) алкагында Кыргыз Республикасына кредиттик негизде болжол менен 500000000 (беш жүз миллион) АКШ долларынан ашпаган өлчөмдө финансылык жардам берилиши мүмкүн.
Финансылык каражаттар мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду колдоого багытталат.
Кол коюлганга чейин Алкактык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 2026-жылдын 16-сентябрындагы № 1-65/В, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 02-2-51/В чечимдери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-сентябрындагы № 733-т тескемеси менен жактырылган.
Алкактык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Алкактык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Алкактык макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт.