Нурманбет айылдык кеешинин 2026-жыл 16-октябрь № 74/XIX-29 «Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына өткөрүүгө макулдук берүү жɵнүндɵ» токтому
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жыл 16-октябрь № 74/XIX-29
Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына өткөрүүгө макулдук берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 10 жана 19-берелерине ылайык Нурманбет айыл аймагынын Красная Речка жана Нурманбет айылдарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттарын өткөрүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп, талкуулап, пикир алмашып Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нурманбет айыл аймагынын Красная Речка жана Нурманбет айылдарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттарын Нурманбет айыл өкмөтүнүн балансынан Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Бекбаева А.Т.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом Министирлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин укук тартибин камсыз кылуунун социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Д.К.Бакырчаков |