РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 773-т (Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Сузак айылы, Д. Палван көчөсү, 177/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 61,61 чарчы метр жер тилкесин (идентификациялык коду 3-05-11-1001-8508) Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү) жөнүндө тескемеси

Редакция12.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2026-жылдын 12-октябры № 773-т

 

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл аймагындагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртуу жана мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, Сузак айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 4 токтомун эске алып, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6 жана 10-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1.          Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:

1)           Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Сузак айылы, Дакан-Палван көчөсү, 177/1 дарегинде жайгашкан аянты 61,61 кв. м жер тилкесин (идентификациялык коду 3-05-11-1001-8508) муниципалдык менчикке өткөрүп берсин;

2)           мүлктү баланс кармоочудан кабыл алуучу мамлекеттик мекемеге чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу укугунда өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алсын;

3) Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Сузак айылы, Дакан-Палван көчөсү, 179/1 дарегинде жайгашкан аянты 62, 16 кв. м жер тилкесин (идентификациялык коду 3-05-11-1001-8506) мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана аны Сузак райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл өкмөтү белгиленген тартипте:

1) бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алсын жана аны мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;

2) жер тилкелерин так максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылсын;

3) «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоону камсыз кылсын.

3. Муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү мамлекеттик мүлктү мамлекеттик каттоого байланышкан бардык чыгымдар, ошондой эле жогоруда аталган мүлктү кайра каттоого байланышкан башка чыгымдар Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев