Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-ноябрындагы № 834-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «СтарОушен Инвестмент» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда энергияны көп керектеген төмөн көмүртектүү өндүрүштөрдүн өнөр жай паркын куруу жана эксплуатациялоо» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 6-ноябры № 834-т
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда энергияны көп керектеген төмөн көмүртектүү өндүрүштөрдүн өнөр жай паркын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «СтарОушен Инвестмент» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда энергияны көп керектеген төмөн көмүртектүү өндүрүштөрдүн өнөр жай паркын куруу жана эксплуатациялоо» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |