Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-ноябрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17»Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө«Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 6-ноябры № 370
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2017-жылдын 31-январындагы № 17
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана
муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү
жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бишкек шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүндө административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөө маселелерин мындан ары регламенттөө максатында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
II бөлүмдүн 5-главасында:
– 1-пункттун «Улук кызмат орду», «Кенже кызмат орду» топтору төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« | |||||
Улук кызмат орду | |||||
У–А | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Басма сөз- катчы (*) (****) | Бөлүмдүн, сектордун башчысы Бөлүмдүн, сектордун башчысы (*) (*****) | Бөлүмдүн, сектордун башчысы | Ведомстволук бөлүмдүн аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Муниципалдык аймактык башкармалыктын (мэриянын аймактык бөлүмүнүн түзүмүндөгү) жетекчисинин орун басары Бөлүмдүн, сектордун башчысы |
У–Б | Башкы адис | Башкы адис Башкы адис (*) (****) Башкы инспектор | Башкы адис Башкы адис (*) (*****) Башкы инспектор | Башкы адис Башкы адис (*) (*****) | Башкы адис |
Кенже кызмат орду | |||||
К–А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис Жетектөөчү адис (*) (****) Улук инспектор | Жетектөөчү адис Жетектөөчү адис (*) (*****) Улук инспектор | Жетектөөчү адис Жетектөөчү адис (*) (*****) | Жетектөөчү адис |
К–Б | Адис | Адис Адис (*) (****) Инспектор | Адис Адис (*) (*****) Инспектор | Адис Адис (*) (*****) | Адис |
»; | |||||
– 5-главанын эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«(*****) | – | Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүндөгү административдик муниципалдык кызмат орду, аны ээлөө үчүн курулушта техникалык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу укугун ырастоочу мамлекеттик квалификациялык сертификаттын милдеттүү болушу жөнүндө квалификациялык талаптар каралат.». |
2..Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-ноябрындагы № 85 (3845) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |