ТоктомКүчүнө кире элек

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-ноябрындагы № 748 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 554 «Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция09.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 9-ноябры № 748

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын

23-ноябрындагы № 554 «Кыргыз Республикасынын

алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү

киргизүү жөнүндө

 

«Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 554 «Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жободо:

– 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6. Спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча.

 

№

Иш-чаралардын аталышы

I

ка-

тего-рия

II 

ка-

тего-рия

III 

ка-

тего-рия

IV ка-

тего-рия

V

ка-

тего-

рия

VI ка-

тего-рия

VII ка-

тего-рия

Ээлеген орундар

1

Олимпиада-лык оюндар (паралимпиа-далык, сурдлимпиа-далык оюндар)

1

2

3

 

4

5

6

2

Өспүрүмдөр-дүн олимпиа-далык оюндары

 

 

 

1

2

3

 

3

Азия оюндары (Азия Пара оюндары)

 

1

2

3

 

 

 

4

Дүйнөлүк чемпионат:

 

 

 

 

 

 

 

– чоңдор

 

1

2

3

 

 

4–5

–.жаштар (анын ичинде U23)

 

 

1

2

3

 

 

– өспүрүмдөр (кадеттер)

 

 

 

1

2

3

 

5

Азия

чемпионаты:

 

 

 

 

 

 

 

– чоңдор

 

 

1

2

3

 

 

–.жаштар (анын ичинде U23)

 

 

 

1

2

3

 

– өспүрүмдөр (кадеттер)

 

 

 

 

1

2

3

6

Дүйнөлүк универсиада

 

1

2

3

 

 

 

7

Студенттер арасындагы дүйнөлүк чемпионат

 

 

 

1

2

3

 

8

Ислам тилектештик оюндары

 

 

 

 

1

2

3

9

Дүйнөлүк чемпионат, Дүйнөлүк кубок (спорттун паралимпиа-далык түрлөрү боюнча):

 

 

 

 

 

 

 

– чоңдор

 

1

2

3

 

 

4–5

– жаштар

 

 

1

2

3

 

 

– өспүрүмдөр (кадеттер)

 

 

 

1

2

3

 

10

Дүйнөлүк чемпионат (спорттун сурдлимпиа-далык түрлөрү боюнча):

 

 

 

 

 

 

 

– чоңдор

 

 

1

2

3

 

 

– жаштар

 

 

 

1

2

3

 

– өспүрүмдөр (кадеттер)

 

 

 

 

1

2

3

11

А категория-сындагы эл аралык мелдештер

 

 

 

 

1

2

3

                                                                                                                      »;

– 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«12. Олимпиадалык, Паралимпиадалык жана Сурдлимпиадалык оюндардын чемпиондоруна жана байге ээлерине, чоңдор арасындагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнөнүн чемпиондоруна ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн стипендияларды төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин төмөнкүдөй өлчөмдөрдө өмүр бою ай сайын берилүүчү стипендия төлөнөт:

1) Олимпиадалык, Паралимпиадалык жана Сурдлимпиадалык оюндардагы жетишкендиктери үчүн:

1-орун үчүн – 30 000 (отуз миң) сом;

2-орун үчүн – 25 000 (жыйырма беш миң) сом;

3-орун үчүн – 20 000 (жыйырма миң) сом;

2) чоңдор арасындагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 1-орун үчүн – 20 000 (жыйырма миң) сом.»;

– 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«13. Өмүр бою ай сайын берилүүчү стипендия ар бир наамга өзүнчө эмес, төмөнкү титулдар үчүн берилет: «Олимпиадалык оюндардын чемпиону», «Паралимпиадалык оюндардын чемпиону», «Сурдлимпиадалык оюндардын чемпиону», «Олимпиадалык оюндардын байге ээси», «Паралимпиадалык оюндардын байге ээси», «Сурдлимпиадалык оюндардын байге ээси», «Дүйнө чемпиону».

Спортчунун көрсөтүлгөн эки же андан ашык титулу болгон учурда өмүр бою ай сайын берилүүчү стипендия стипендиянын эң жогорку өлчөмү каралган бир гана титул үчүн төлөнөт.».

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда бул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-ноябрындагы № 85 (3845) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев