2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасынын шаарларын жана калктуу конуштарын жашылдандыруунун улуттук программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-октябрындагы № 733 токтомуна 1-тиркеме)
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-октябрындагы № 733 токтомуна) |
2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасынын шаарларын жана калктуу конуштарын жашылдандыруунун улуттук программасы
1-глава. Киришүү
1. 2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасынын шаарларын жана калктуу конуштарын жашылдандыруунун улуттук программасы (мындан ары – Улуттук программа) Кыргыз Республикасынын шаарларында жана калктуу конуштарында жашыл бактарды түзүүнүн, күтүүнүн, эсепке алуунун жана коргоонун укуктук, экономикалык, уюштуруучулук жана илимий-техникалык негиздерин аныктайт.
2. Ушул Улуттук программаны иштеп чыгуунун актуалдуулугу жарандардын жашоо жана ден соолук үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон конституциялык укугун ишке ашыруу, урбанизацияланган аймактарды глобалдык климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо зарылдыгы менен шартталган.
3. Ушул Улуттук программанын Ушул Улуттук программанын укуктук негизин өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурстарын натыйжалуу коргоону, сарамжалдуу пайдаланууну жана кайра калыбына келтирүүнү камсыз кылуунун укуктук негиздерин белгилеген «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле төмөнкүлөр түзөт:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
3) Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
4) «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
4. Ушул Улуттук программанын колдонулушу жер тилкелеринин менчигинин түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана калктуу конуштарынын белгиленген административдик-аймактык чек араларынын (чегинин) чегинде жайгашкан табигый жана жасалма өстүрүлгөн жашыл бактардын бардык түрлөрүнө (дарак, бадал, гүл жана чөп өсүмдүктөрү) жайылтылат.
5. Ушул Улуттук программанын колдонулушу коргоочу жашыл тилкелерди түзүү, агротокой мелиорациясы жана көчөт материалын өстүрүү боюнча иш-чараларды кошпогондо, мамлекеттик токой фондунун жерлериндеги токой чарбасын жүргүзүүгө жайылтылбайт.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
6. Ушул Улуттук программада төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) калктуу конуштун жашыл фонду – белгилүү бир калктуу конуштун чек араларынын чегиндеги бардык жашыл зоналардын жана жашыл бактардын жыйындысы;
2) жашыл бактар – табигый жана жасалма өстүрүлгөн дарак, бадал, гүл жана чөп өсүмдүктөрү, анын ичинде шаар токойлору (алар болсо), парктар, скверлер, бульварлар, бакчалар, газондор, гүлзарлар, ошондой эле өзүнчө өскөн бак-дарактар;
3) шаардын жашыл каркасы – шаардык экосистеманын туруктуулугун жана шамал менен температуранын катуу таасиринен коргоону камсыз кылган жалпы, чектелген жана атайын багыттагы жашылдандырылган аймактардын бирдиктүү үзгүлтүксүз системасы;
4) компенсациялык жашылдандыруу – укуктуу же укукка каршы жок кылынган, жабыркаган же кыйылган бактардын ордуна жашыл бактарды милдеттүү түрдө калыбына келтирүү (жаңыртып өстүрүү);
5) жашыл бактарды санариптик паспорттоштуруу – уникалдуу идентификациялык номерди ыйгаруу жана маалыматтарды мамлекеттик маалыматтык системага киргизүү менен жашыл фонд объектинин электрондук паспортун түзүү процесси.
3-глава. Кырдаалды жалпы талдоо
7. Борбордук Азия регионунда орточо температуранын кескин жогорулашы, кургакчылык жана суу ресурстарынын жетишсиздиги түрүндө байкалып жаткан глобалдык климаттык өзгөрүүлөр Кыргызстандын урбанизацияланган аймактарынын экологиялык коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Азыркы учурда республиканын ири шаарлары атмосфералык абанын болуп көрбөгөндөй булгануу (түтүн) деңгээлине, шаардык курулуш шарттарында температуранын өтө жогорулашына жана шаар чөйрөсүнүн бузулушуна туш болууда.
8. Акыркы беш жылдагы жашыл фонддун абалынын динамикасын талдоо инфраструктуранын учурдагы абалы менен экологиялык коопсуздуктун ченемдик талаптарынын ортосундагы олуттуу ажырымдарды көрсөтөт:
1) жашыл зоналардын аянтынын кыскарышы: борбор калаанын бир катар райондорунда жалпы пайдалануудагы жашыл зоналардын калктын жан башына салыштырма салмагы белгиленген 16 кв. м курулуш ченеминде 5–7 кв. м төмөн түшүп кеткен. Ири шаарлардын (Бишкек, Ош) баш аламан коммерциялык жана турак жай курулуштары шаар куруу ченемдери сакталбастан жүргүзүлүүдө, бул жашыл каркастардын бүтүндүгүнүн бузулушуна алып келет;
2) ирригациялык тармактардын кескин эскириши: республиканын шаарларындагы магистралдык, чарбалар аралык жана квартал ичиндеги арыктардын жана сугат тармактарынын эскирүүсүнүн орточо көрсөткүчү 85 %га жетет. Сугат суусунун өнөкөт жетишсиздиги учурдагы бак-дарактардын куурап калышынын жана жаңы көчөттөрдүн натыйжалуулугунун төмөндүгүнүн негизги фактору болуп саналат;
3) өсүп кетүү деңгээлинин төмөндүгү: отургузулгандан кийинки системалуу кам көрүүнүн жана автоматташтырылган сугаруунун жоктугунан улам бир катар региондордо көчөттөрдүн иш жүзүндө өсүп кетүү деңгээли 50–60 %дан ашпайт;
4) мамлекеттик эсепке алуунун жоктугу: республикада жашыл фонддун объекттерин эсепке алуунун бирдиктүү реестри жана өтмө методологиясы жок. Картографиялоонун геомаалыматтык системасынын (мындан ары – ГМС) жоктугу биологиялык абалга, фаунанын көп түрдүүлүгүнө, бак-дарактардын жашына так мониторинг жүргүзүү, ошондой эле санитардык-профилактикалык иш-чараларды ачык-айкын пландоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.
9. Кыргыз Республикасынын Президенти демилгелеген «Жашыл мурас» улуттук кампаниясын ишке ашыруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун күч-аракетин консолидациялоону камсыз кылды. Бирок системалык инфраструктуралык чектөөлөрдү жеңүү үчүн сезондук башаламан акциялардан узак мөөнөттүү илимий негизделген пландоого жана башкарууну санариптештирүүгө өтүү талап кылынат.
10. Башкарууну системалаштыруу үчүн шаарлардын жана калктуу конуштардын бардык жашыл фонду үч функционалдык категорияга бөлүнгөн:
1) жалпы пайдалануудагы жерлер (парктар, скверлер, бульварлар, жээктер). Бул аймактарда капиталдык курулуш үчүн жер тилкелерин берүүгө аларды түздөн-түз тейлөөгө арналган объекттерди кошпогондо тыюу салынат;
2) пайдаланылышы чектелген жерлер (мектептердин, бала бакчалардын, ооруканалардын, жогорку окуу жайларынын, ведомстволордун аймактары);
3) атайын багыттагы жерлер (санитардык-коргоо тилкелери, дарыялардын сууну коргоо зоналары, жол боюндагы токой тилкелери).
4-глава. Улуттук программанын максаты
11. Бул Улуттук программанын негизги максаты 2031-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын жашыл фондун ыкчам калыбына келтирүү, санариптик эсепке алуу жана коргоо аркылуу туруктуу, экологиялык жактан коопсуз жана ыңгайлуу шаардык жана айылдык чөйрөнү түзүү болуп саналат.
5-глава. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары
12. Коюлган максатка жетүү үчүн орто мөөнөттүү келечекте мамлекеттик саясат төмөнкү артыкчылыктуу багыттарды ишке ашырууга багытталат:
1) шаарлардын жана калктуу конуштардын коргоочу жашыл тилкелерин жана туруктуу жашыл алкактарын түзүү;
2) жашыл фондду санариптештирүү жана өтмө мамлекеттик эсепке алуу;
3) сугат инфраструктурасын модернизациялоо жана баланс кармоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу;
4) коомчулуктун катышуусу жана экологиялык агартуу институттарын өнүктүрүү.
13. Шаарлардын жана калктуу конуштардын коргоочу жашыл тилкелерин жана туруктуу жашыл алкактарын түзүү боюнча багыт төмөнкү милдеттерди камтыйт:
1) объекттерди долбоорлоодо, курууда жана реконструкциялоодо милдеттүү экологиялык стандарттарды жана жашылдандыруу ченемдерин киргизүү. Көчөлөрдү, тротуарларды жана коомдук жайларды реконструкциялоодо бак-дарактардын тамыр системасына зыян келтирүүгө жана дарак отургузулган айлананын аянтын белгиленген ченемдерден төмөндөтүүгө тыюу салуу киргизилет.
Бак-дарактар отургузулган айлананын чегин тамыр системасынын табигый аба жана суу алмашуусуна тоскоолдук кылуучу бетондоого, асфальттоого жана башка суу өткөрбөгөн каптаманы жайгаштырууга жол берилбейт. Көчөлөрдү, тротуарларды, унаа токтотуучу жайларды, короолорду жана коомдук жайларды долбоорлоодо, курууда жана реконструкциялоодо диаметри кеминде 2 м болгон ачык дарак отургузулуучу тилке же суу өткөрүүчү каптама каралууга, андан соң тамыр системасына аба жана нымдын жетүүсүн камсыз кылган темир-бетон торчо же башка каптама орнотулууга тийиш.
Объекттерди эксплуатацияга кабыл алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо менен жүзөгө ашырылат;
2) экологиялык жактан аялуу өнөр жай жана туристтик борборлор үчүн (Бишкек, Ош, Манас, Кара-Балта, Токмок, Балыкчы, Чолпон-Ата) өзгөчө артыкчылык берүү менен калктуу конуштардын периметри боюнча токой-парк, токой-мелиорациялык жана буфердик жашыл зоналарды долбоорлоо жана түзүү.
Коргоочу жашылдандыруунун бирдиктүү системасын түзүүнүн алкагында жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдордун жана транспорттук магистралдардын бөлүнгөн тилкелерин жашылдандыруу жана коргоочу жашыл тилкелерди отургузуу, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлерде, жол боюндагы тилкелерде жана магистралдык каналдардын жана суу сактагычтардын жээк зоналарында агротокой мелиорациялык иш-чараларды ишке ашыруу каралган;
3) отургузулуучу көчөт материалынын түзүмүн жергиликтүү кургакчылыкка туруктуу түрлөргө артыкчылык берүү менен төмөнкү пропорцияларда оптималдаштыруу:
- ири көлөмдүү жалбырактуу көчөттөр (бийиктиги 2,5–3 м, тамырында топурагы менен) – жалпы көлөмдүн 20 %ынан ашпоого тийиш (парктар, скверлер жана көчө-жол тармактары үчүн; отургузуу жашылдандыруу үчүн жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканаларынын күчү менен жүргүзүлөт);
- токой себилмелери жана көчөттөрү (1–2 жылдык) – жалпы көлөмдүн кеминде 50 %ы (шаар четиндеги коргоочу тилкелер жана муниципалдык жерлердеги агротокой мелиорация үчүн);
- бадал өсүмдүктөр жана бадал тосмолор – жалпы көлөмдүн 30 %ына чейин;
4) райондун шартына ылайык келген көчөт материалын аткаруучуларды Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (мындан ары – ЖРЭТКМ) питомниктеринен түз сатып алуу аркылуу келишимдик негизде, ошондой эле муниципалдык ишканалардын өздүк питомниктерин кеңейтүүнүн эсебинен камсыз кылынат.
Ушул Улуттук программанын керектөөлөрүн камсыз кылуу максатында, токой жана башка мамлекеттик жана муниципалдык питомниктерди өнүктүрүү, жогорку сапаттагы райондун шартына ылайык келген дарак жана бадал породаларынын көчөт материалын өстүрүү көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле мөмө-жемиштүү, жаңгактуу жана кооздук өсүмдүктөрүнүн сорттолгон, сертификатталган көчөт материалын өстүрүү боюнча питомник чарбаларын өнүктүрүү каралган.
Шаар четиндеги коргоочу жашыл тилкелерди түзүү үчүн көчөт материалын тандоо климаттык туруктуу, тез өсүүчү жана эндемикалык дарак жана бадалдардын түрлөрүн ар бир региондун табигый-климаттык өзгөчөлүктөрүн эске алып, артыкчылыктуу пайдалануу менен илимий негизделген негизде жүргүзүлөт.
14. Жашыл фондду санариптештирүү жана өтмө мамлекеттик эсепке алуу багыты төмөнкү милдеттерди камтыйт:
1) жашыл фонддун ар бир обочолонгон объекти (парк, сквер, көчө, аллея) үчүн уникалдуу санариптик идентификациялык коддор системасын киргизүү жана 2027-жылы Бишкек шаарында санариптик паспорттоонун пилоттук долбоорун толук аяктоо жана 2028-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө жыйынтыктарын чыгаруу менен ишке киргизүү;
2) 2028-жылдын майына «Жашыл аймак» бирдиктүү мамлекеттик ГМС-платформасын фото белгилөө методдору менен GPS-координаталарын, түрлүк курамын, жашын жана биологиялык абалын милдеттүү фиксациялоо менен иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
3) ачык-айкындуулукту жана жарандык контролду камсыз кылуу үчүн «Жашыл аймак» ГМС-платформасын «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик маалымат системалары менен интеграциялоо.
«Жашыл аймак» бирдиктүү мамлекеттик ГМС-платформасын түзүү, ишке киргизүү жана анын «Түндүк» мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы менен интеграцияланышын камсыз кылуу менен ЖРЭТКМ тарабынан ишке ашырылат. Аталган ГМС-платформасы көчөттөргө коомдук мониторинг жүргүзүү жана жашыл бактарга өтмө санариптик реестрин жүргүзүү үчүн интерактивдүү карта каралат.
Бак-дарактарды санариптик паспорттоо ЖРЭТКМ тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
«Жашыл аймак» ГМС-платформасын иштетүүнүн алкагында пайдаланылып жаткан техникалык жана тазаланган саркынды суунун көлөмдөрү жана булактары боюнча маалыматтарды интеграциялоо жана эсепке алуу, ошондой эле сезондук суунун тартыштыгы күчөгөн мезгилдерде (июль–август) жашыл бактарды сугарууга суунун бөлүнүп берилишинин белгиленген лимиттерин сактоо, автоматташтырылган маалыматтар менен алмашуу жана ыкчам контролдоо максатында ведомстволук маалыматтык системаларды технологиялык синхрондоштуруу камсыз кылынат.
15. Сугат инфраструктурасын модернизациялоо жана уюштуруучулук жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча багыт төмөнкүдөй милдеттерди камтыйт:
1) шаардык сугат (ирригациялык) тармагын толугу менен реконструкциялоо жана өсүмдүктөрдү отургузуу фазасы башталганга чейин автоматташтырылган, тамчылатып же механикалык сугат системаларын массалык ишке киргизүү.
Жашылдандыруу иш-чаралары үчүн туруктуу суу менен камсыз кылуу максатында, суу бөлүштүрүү лимиттерин, суу ресурстарын башкаруунун бассейндик принцибин жана бекитилген бассейндик башкаруу пландарын эске алуу менен кошумча суу ресурстарына муктаждыктарды комплекстүү баалоо жүргүзүлөт.
Тазаланган агынды сууларды жана жашыл бактарды сугаруу үчүн техникалык суулардын альтернативдүү булактарын этабы менен, баарынан мурда тамчылатып сугаруу жана автоматташтырылган сугаруу системаларын пайдаланууда, суу пайдалануучулар тарабынан техникалык сууну керектөөнүн көлөмдөрүн милдеттүү прибордук эсепке алууну жана тиешелүү маалыматтарды «Жашыл аймак» ГМС-платформасына берүүнү камсыз кылуу менен ишке киргизүү каралууда.
Жашылдандыруу объекттерин сугаруу үчүн тазаланган саркынды сууларды колдонууга Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык мыйзамдарынын талаптарын сактоо, тиешелүү лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тазаланган саркынды суулардын коопсуздугу жана алардын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы санитардык-гигиеналык ченемдерине шайкештиги жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутундулары болгон учурда уруксат берилет. Көрсөтүлгөн корутундуларсыз тазаланган саркынды сууларды пайдаланууга уруксат берилбейт;
2) менчиктин бардык формасындагы уюмдар үчүн отургузулган өсүмдүктөрдү отургузулган күндөн тартып кеминде 3 жыл бою ченемдик кам көрүү боюнча юридикалык милдеттенме жүктөлөт;
3) беш эселенген катышта милдеттүү компенсациялык жашылдандыруунун механизмин ишке киргизүү. Эгерде дарак уюмдардын шалаакылыгынан улам куурап калса, алар өз каражаттарынын эсебинен ошол эле участокко окшош породадагы беш ири өлчөмдөгү дарактын көчөтүн отургузууга милдеттүү (ирригациялоо калыбына келтирилгенден кийин гана). Акчалай түрдөгү компенсациялоого жол берилбейт;
4) маалыматтарды санариптик сүрөткө тартуу методу менен белгилөө аркылуу жашыл бактарды жазгы жана күзгү инвентаризациялоонун милдеттүү регламентин киргизүү.
Отургузулган көчөттөрдүн иш жүзүндөгү өнүмдүүлүгүн инвентаризациялоо жана мониторинг жүргүзүү жыл сайын фото белгилөө методун колдонуу менен жылына эки жолу жүргүзүлөт: жазгы отургузуулардан кийин – 1-июлга чейин, күзгү отургузуулардын жыйынтыгы боюнча учурдагы жылдын 1-декабрына чейин. Алынган маалыматтар верификациялоого жана «Жашыл аймак» ГМС-платформасына киргизилүүгө тийиш.
16. Коомдун катышуу жана экологиялык агартуу институттарын өнүктүрүү багыты жарандардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, билим берүү мекемелеринин жана жашылдандыруу, коомдук бюджеттөө жана экологиялык гранттардын механизмдерин ишке киргизүү боюнча иш-чаралардагы бизнестин катышуусун жайылтууну, ошондой эле коомдук контролдоо жана кайтарым байланыш санариптик инструменттерин өнүктүрүүнү карайт. Бул багыт төмөнкүдөй милдеттерди камтыйт:
1) жарандарга бош муниципалдык жерлерде скверлерди түзүү долбоорлорун демилгелөө мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн «Жашыл аймак» ГМС-платформасынын интерактивдүү модулун ишке киргизүү;
2) калктын жана бейөкмөт уюмдардын арасында максаттуу экологиялык гранттарды коомдук бюджеттөө жана конкурстук негизде бөлүштүрүү механизмдерин ишке киргизүү;
3) геомаалыматтарды жана убакытты автоматтык түрдө белгилөө менен жарандардын мыйзамсыз кыюулар фактысы же сугаруунун жоктугу жөнүндө кабарламаларды ыкчам жөнөтүүсү үчүн санариптик кайтарым байланыш каналын түзүү.
17. «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын масштабын кеңейтүү максатында жыл сайын жарандык секторду, волонтердук кыймылдарды, билим берүү мекемелерин жана бизнес коомчулукту тартуу менен жалпы республикалык жана жергиликтүү жазгы жана күзгү бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу өткөрүлөт.
18. Жарандарды, мекемелерди, уюмдарды, ишканаларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын аймактарды жашылдандырууга жана абаттоого активдүү катышууга тартуу максатында жыл сайын «Эң жашыл шаар», «Эң жашыл айыл», «Эң жашыл мекеме – ишкана» наамына конкурстар өткөрүлөт.
19. Экологиялык маданиятты, жаратылышка аяр мамилени калыптандыруу жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды жана акцияларды жалпыга маалымдоо каражаттары, мамлекеттик телерадио компаниялары жана санариптик ресурстар аркылуу жайылтуу максатында туруктуу медиа кампанияны өткөрүү каралат.
20. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Улуттук программаны ишке ашыруунун алкагында жыл сайын 1-февралга чейин дарактардын жана бадалдардын породаларынын тизмегин жана сугат системаларын милдеттүү аныктоо менен даректүү жашылдандыруу пландарын бекитет, жашыл аймактарды коргоону күчөтүү жана дарактарды мыйзамсыз кыюунун алдын алуу боюнча чараларды көрүшөт, ошондой эле жаңы коомдук мейкиндиктер үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнү камсыз кылышат.
21. Жаңы коомдук жашыл мейкиндиктер үчүн бөлүнгөн жер тилкелерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, алардын максаттуу багытын негизсиз өзгөртүүгө жол бербөө боюнча чаралар көрүлүлөт.
6-глава. Күтүлүүчү натыйжалар
22. Ушул Улуттук программаны 2031-жылга карата ишке ашыруу төмөнкүдөй жыйынтык өзгөртүүлөргө жана натыйжалуулуктун индикаторлоруна жетүүнү камсыз кылууга багытталган:
1) өнүмдүүлүктүн жана багуунун параметрлери: сугаруу системаларын алдын ала милдеттүү түрдө орнотуунун эсебинен бардык региондордо жаңы отургузулган көчөттөрдүн өнүмдүүлүгүнүн ченемдик деңгээлин учурдагы 50–60 %дан 2027-жылы 67 %, 2028-жылы 68 %, 2029-жылы 70 %, 2030-жылы 75 % жана 2031-жылы 80 % деңгээлге чейин жогорулатуу;
2) фондду кайра өндүрүүнүн масштабдары: отургузулган дарактардын санын жыл сайын көбөйтүү менен «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында 5 жыл ичинде кеминде 2 миллион 250 миң дарак отургузууну камсыз кылуу (2027-жылы 380 миң дарактан 2031-жылы 520 миң даракка чейин);
3) санариптик паспорттоо: 2031-жылга карата республиканын шаарларындагы жана райондорунун борборлорундагы ири жыгач көчөттөрүнүн кеминде 400 000 бирдик санариптик паспортун түзүү жана аларды «Жашыл аймак» бирдиктүү мамлекеттик ГМС-платформасына киргизүү;
4) парк инфраструктурасын өнүктүрүү: ушул Улуттук программанын 3-тиркемесинин 2-таблицасына ылайык жалпы пайдалануудагы 90 жаңы парк зонасын, скверлерди жана коомдук мейкиндиктерди уюштуруу, абаттоо жана пайдаланууга берүү. Жашыл аймактардын 5 жыл ичинде түзүлө турган жалпы аянты 1130 гектарды түзөт;
5) коргоочу жашыл тилкелер: жалпы аянты 1100 гектардан кем эмес муниципалдык жалпы пайдалануудагы жерлерде шаар четиндеги жашыл тилкелердин жана токой-мелиорациялык тилкелердин туруктуу тармагын түзүү;
6) калктын камсыз болушу (Кыргыз Республикасынын шаар куруу ченемдерине ылайык):
- айылдык калктуу конуштарда – бир адамга кеминде 15 кв. метр;
- республикалык маанидеги шаарларда (коомдук парктар) – бир адамга кеминде 10 кв. метр;
- чакан шаарларда жана райондун борборлорунда – бир адамга кеминде 7 кв. метр;
7) мейкиндиктик жеткиликтүүлүк жана жыштык:
- парктарга жана скверлерге жөө жеткиликтүүлүк – жаңы пландалган райондордогу турак жай курулушунан 500 метрден көп эмес;
- кичи райондордун жана кварталдардын чегиндеги жашылдандырылган аймактардын үлүшү – жалпы аянттын кеминде 40%;
- мектептердин жана бала бакчалардын аймактарын жашылдандыруу деңгээли – кеминде 50 %, ооруканалар жана дарылоо мекемелери – кеминде 60 %; өнөр жай ишканалары – кеминде 30 %, тыгыз санитардык-коргоо зоналарын түзүү менен.
7-глава. Жагымдуу шарттар жана тобокелдиктер
23. Ушул Улуттук программаны ишке ашырууда максаттуу көрсөткүчтөргө жетүүгө олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн болгон ички жана тышкы факторлордун жыйындысын эске алуу зарыл.
Жагымдуу шарттар:
1) жогорку саясий колдоо: Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу астында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүн өткөрүү ведомстволор аралык координациянын жана мамлекеттик органдардын консолидациясынын эң жогорку деңгээлин камсыз кылат;
2) эл аралык климаттык каржылоого жеткиликтүүлүк: эл аралык фонддор (Жашыл климат фонду, Глобалдык экологиялык фонд, Дүйнөлүк банк) шаарлардын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу жана Борбордук Азияда чөлгө айлануу менен күрөшүү боюнча долбоорлорду каржылоону ишке ашырат;
3) жарандык активдүүлүк: калктын, волонтердук сектордун жана бизнес коомчулуктун экологиялык акцияларга жана аймактарды абаттоого катышууга жогорку деңгээлдеги даярдыгы.
24. Ушул Улуттук программаны ишке ашырууда тобокелдиктер жана аларды азайтуу боюнча чаралар:
1) климаттык жана гидрологиялык тобокелдиктер (суу ресурстарынын кескин жетишсиздиги):
- коркунуч: жай мезгилинде сугат суусунун жетишсиздиги жаңы отургузулган көчөттөрдүн массалык жоголушуна алып келиши мүмкүн;
- азайтуу: тамчылатып же механикалык сугаруунун колдонуудагы системалары менен камсыз кылынбаган тилкелерде өсүмдүктөрдү отургузууга мыйзамдык тыюу салуу. Кургакчылыкка туруктуу жергиликтүү породаларды артыкчылыктуу колдонуу;
2) башкаруучулук жана баланстык тобокелдиктер:
- коркунуч: отургузгандан кийинки талаптагыдай кам көрүүнүн жоктугу жана ведомстволор менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда бак-дарактарды сактоо үчүн так эмес жоопкерчиликтер;
- азайтуу: «Жашыл аймак» ГМС-платформасы аркылуу контролду автоматташтыруу, жазгы-күзгү ревизиянын актыларын милдеттүү белгилөө жана күнөөлүү тараптын эсебинен чоң бак-дарактар менен беш эсе көп жашылдандырууну компенсациялоо түрүндө катуу айыптык санкцияларды колдонуу;
3) финансылык тобокелдиктер (жергиликтүү бюджеттердин тартыштыгы):
- коркунуч: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сапаттуу көчөт материалын сатып алууга жана арык тармактарын модернизациялоого каражаттарды жетишсиз бөлүү;
- азайтуу: донордук каражаттарды, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана коомдук бюджеттөө механизмдерин активдүү тартуу;
4) техникалык тобокелдиктер (сапатсыз же районго ылайыксыз материалды отургузуу):
- коркунуч: аз өнүмдүүлүккө алып келген арзан, оорулуу же шаардагы түтүнгө ылайыксыз көчөттөрдү колдонуу;
- азайтуу: ЖРЭТКМдин адистештирилген токой питомниктеринен отургузуучу материалды, ошондой эле фитосанитардык контролдон өткөн материалды сатып алуу.
8-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо
25. Ушул Улуттук программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөөгө, максаттуу индикаторлор боюнча прогрессти өлчөөгө жана түзөтүүчү чараларды өз убагында көрүүгө мүмкүндүк берген бирдиктүү мамлекеттик санариптик платформада жүргүзүлөт.
26. ЖРЭТКМ ушул Улуттук программанын ишке ашырылышын координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү, иш-чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү жана ушул Улуттук программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жылдык отчетту даярдоону камсыз кылат.
27. Иш-чаралардын ишке ашыруунун иш жүзүндөгү мөөнөттөрүнө жана шарттарына шайкештигин камсыз кылуу максатында ЖРЭТКМ зарыл болгон учурда кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча ушул Улуттук программа бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому күчүнө кирген датаны эске алуу менен Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын актуалдаштырууну камсыз кылат.
9-глава. Улуттук программаны финансылык камсыздоо
28. Ушул Улуттук программанын иш-чаралары тиешелүү жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде жыл сайын каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле бюджеттен тышкаркы булактарды тартуунун эсебинен аткаруучулар тарабынан каржыланат.
29. Иш-чараларды каржылоонун конкреттүү көлөмдөрү кезектеги финансылык жылга жана пландык мезгилге республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө жыл сайын такталат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ЖРЭТКМ менен биргеликте белгиленген тартипте эл аралык гранттардын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган долбоорлорду кошо каржылоо маселелерин карайт.
30. Ушул Улуттук программаны каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жергиликтүү бюджеттердин каражаттары (көчөт материалын сатып алуу, шаар ичиндеги ирригациялык инфраструктураны оңдоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканаларын каржылоо);
2) республикалык бюджеттин каражаттары (көчөт материалын өстүрүү үчүн ЖРЭТКМдин мамлекеттик питомниктерин модернизациялоону, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий иштеп чыгууларын каржылоо);
3) эл аралык институттардын жана донорлордун каражаттары: климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча программалардын алкагында Жашыл климаттык фонддун, Глобалдык экологиялык фонддун, Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын жана башкалардын гранттары, максаттуу инвестициялары, кредиттик линиялары;
4) ыктыярдуу төгүмдөр: бизнес-коомчулуктун, кайрымдуулук фонддорунун демөөрчүлүк жардамы жана «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында калктын ыктыярдуу салымдары.
31. Тышкы булактардан, анын ичинде эл аралык гранттардан жана климаттык фонддордон финансылык каражаттарды алуу кечиктирилген же алынбай калган учурда ушул Улуттук программанын ресурстук наркын баалоодо каралган көлөмдөр жана иш-чараларды ишке ашыруу мөөнөттөрү тиешелүү жылдарга министрликтерге, административдик ведомстволорго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттарга жараша Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча ЖРЭТКМ тарабынан түзөтүлүүгө тийиш.