ТоктомКүчүнө кире элек

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-ноябрындагы № 743 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 237»Курал алып жүрүүгө каршы келүүчү, ошондой эле жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмегин бекитүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция06.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 6-ноябры № 743

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 237 «Курал алып жүрүүгө каршы келүүчү, ошондой эле жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Курал алып жүрүүгө тоскоолдук кылуучу медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн тизмегин өркүндөтүү максатында, «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 237 «Курал алып жүрүүгө каршы келүүчү, ошондой эле жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Курал алып жүрүүгө каршы келүүчү, ошондой эле жеке күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмегинде:

– 1-пункттун 7-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Электроэнцефалографиялык изилдөө жана эксперименттик-психологиялык текшерүү клиникалык көрсөтмөлөр болгондо психиатр врачтын жолдомосу боюнча жүргүзүлөт.»;

– 3-пункттун 7-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-ноябрындагы № 85 (3845) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев