ТоктомКүчүндө

Орловка шаардык кеңешинин 2026-жылдын 6-августундагы № 107/16-29 «Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2026-жылдын 6 айына карата аткарылышы жөнүндө» токтому

Редакция06.08.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын ХVI кезетеги сессиясы

2026-жылдын 6-августу № 107/16-29

Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2026-жылдын 6 айына карата аткарылышы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевдин Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2026-жылдын 6 айына карата аткарылышы жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:

1. Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2026-жылдын 6 айына карата аткарылышы жөнүндө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевдин отчету кабыл алынып канааттандырарлык деп таанылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.

3. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

М.И. Токтакунов