Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-октябрындагы № 370 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Арал – Суусамыр автомобиль жолунун 0 – 79,6 км тилкесин реконструкциялоо иштерин аткаруу жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 28-октябры № 370
Арал – Суусамыр автомобиль жолунун 0дөн 79,6-км чейинки участогун реконструкциялоо боюнча иштерди аткарууну ыкчам камсыз кылуу максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте Арал – Суусамыр автомобиль жолунун 0дөн 79,6-км чейинки участогун реконструкциялоо боюнча иштерди аткаруу үчүн берүүчүлөрдү (подрядчыларды) аныктасын.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |