Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-июлундагы № 138/21-6 «Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын техникалык жана кичи тейлөөчү кызматкерлеринин, Токмок шаардык аскер комиссариатынын жана «Бактылуу балалык» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну каржылоо үчүн 5 657,9 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды жылдырууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-июлу № 138/21-6
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын техникалык жана кичи тейлөөчү кызматкерлеринин, Токмок шаардык аскер комиссариатынын жана
«Бактылуу балалык» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну каржылоо үчүн 5 657,9 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды жылдырууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 20-июлундагы №1-22/4368 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 20-июлундагы №31 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы №121 Жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирген социалдык тармактын кызматкерлеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын техникалык жана кичи кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашына Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын «Имараттар жана курулуштар» 3111-беренесинен 5 657,9 миң сом (беш миллион алты жүз элүү жети миң тогуз жүз) сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды, «Эмгек акы» 2111-беренесине 5 284,5 миң сом (беш миллион эки жүз сексен төрт миң беш жүз) сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды, «Социалдык фондко төгүмдөр» 2121-беренесине 373,4 миң сом (үч жүз жетимиш үч миң төрт жүз миң) сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды жылдырууга макулдук берилсин. Ошондой эле, Токмок шаарынын бекитилген жергиликтүү бюджеттик планында каражат каралбагандыгына байланыштуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси менен жергиликтүү бюджеттен каржыланган, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын техникалык жана кичи кызматкерлеринин
«Эмгек акы» 2111-беренесине - 1 485,0 (бир миллион төрт жүз сексен беш миң) сом, Токмок шаардык аскер комиссариатынын «Эмгек акы» 2111-беренесине – 459,9 миң сом (төрт жүз элүү тогуз миң тогуз жүз) сом, «Социалдык фондко төгүмдөр» 2121-беренесине – 5,6 миң сом (беш миң алты жүз) сом жана «Бактылуу балалык» үй-бүлөлүк тибиндеги балдар үйүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга «Эмгек акы» 2111-беренесине – 3 339,6 миң сом (үч миллион үч жүз отуз тогуз миң алты жүз) сом, «Социалдык фондко төгүмдөр» 2121-беренесине – 367,8 миң сом (үч жүз алтымыш жети миң сегиз жүз) сом:
2.Токмок шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (Б.А. Чанчаров), Токмок шаардык бириккен аскер комиссариатынын аскер комиссары (А. Раймжан уулу) жана «Бактылуу балалык» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн директору (Э.У. Тынаева) болүнгөн каражаттарды багыты боюнча так колдонсун.
3.Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага |
| М.Т.Тынайбеков |