Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-июлундагы № 137/21-6 «Токмок шаарынын мэриясынын резервдик фондунан кошумча 1 096 100 (бир миллион токсон алты миң бир жүз) сом жана Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынан 500 000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндөгү бюджеттик ассигнованиелерди Токмок шаардык маданият бөлүмүнө жылдырууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-июлу № 137/21-6
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
Токмок шаарынын мэриясынын резервдик фондунан кошумча 1 096 100 (бир миллион токсон алты миң бир жүз) сом жана Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынан 500 000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндөгү бюджеттик ассигнованиелерди Токмок шаардык маданият бөлүмүнө жылдырууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 17-июлундагы №1-15/4369 VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Токмок шаарынын делегациясынын катышуусун камсыз кылуу максатындагы катынын жана Токмок шаардык кенешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 20-июлундагы №31 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мэриясынын “Резервдик фонд” 2824 беренесинен 1 096 100 (бир миллион токсон алты миң жүз) сом өлчөмүндө акча каражатын Токмок шаардык Маданият бөлүмүнүн төмөнкү беренелерине бөлүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин:
– «Башка кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан чыгымдар» 2215 беренесине 878 100 (сегиз жүз жетимиш сегиз миң жүз) сом суммасында;
-«Учурдагы чарбалык муктаждыктар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу» 2222 беренесине 25 000 (жыйырма беш миң) сом суммасында;
–«Кийим-кече мүлкүн, башка формалык жана атайын кийимдерди сатып алуу, тигүү жана оңдоо» 2223 беренесине («Мейман боз үй» сынагына катышуу үчүн улуттук кийимдерди сатып алууга) 193 000 (жүз токсон үч миң) сом суммасында.
2. Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын “Имараттар жана курулмалар” 3111 беренесинен 500 000 (беш жүз миң) сом суммасында бюджеттик ассигнованиелерди Токмок шаардык Маданият бөлүмүнүн «Башка кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан чыгымдар» 2215 беренесине бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.) тиешелүү өзгөртүүлөрдү ушул токтомдун пунктарына ылайык жүргүзсүн.
4. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага |
| М.Т.Тынайбеков |