Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-июлундагы № 136/21-6 «Токмок шаарынын коомдук траспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-июлу № 136/21-6
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
Токмок шаарынын коомдук траспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 21-июлундагы №1-13/4424 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2026-жыл 21-июлундагы №9 протоколунун негизинде, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун туруктуу ишин камсыз кылуу жана анын экономикалык абалын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-июлундагы №254 Жарлыгынын 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын коомдук транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токмок шаарынын мэриясы коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча бекитилген графиктин сакталышына, ошондой эле шаар ичиндеги жана шаар аралык каттамдардын үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүнө көзөмөлдү камсыз кылсын.
3.Токмок шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу «Чүй Токмок Транс», «ОЛИМП» жана «Бокомач» жоопкерчилиги чектелген коомдору жума, дүйшөмбү жана дем алыш күндөрү Токмок–Бишкек багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну графикке ылайык өзгөчө көзөмөлгө алышсын, транспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз каттамын уюштуруу жана калкка сапаттуу транспорттук кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн.
4.Токмок шаардык кеӊешинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №19/7-5 жана 2025-жылдын 4-сентябрындагы №66/13-6 токтомдору өз күчүн жоготту деп табылсын.
5.Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Т.Тынайбеков |
|
| Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-июлундагы №136/21-6 токтомуна тиркеме |
Коомдук шаардык жүргүнчүлөр (кичи автобустар) транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн ТАРИФИ
1.Шаар ичиндеги каттамдарда бир жүргүнчүнүн жол кире акысы:
№ | Маршруттун аталышы жана № | Тарифи |
1 | № 110 “Базар – Чүй а.” | 25 сом |
2 | № 115 “Базар – Сахзавод а.” | 25 сом |
3 | № 105, 106 “Базар-Ленин көч., Күнчыгыш-Ленин көч.” | 25 сом |
4 | № 112 “Кичи райондор-Ленин көч.” | 25 сом |
5 | № 103, 107 “Базар – Чүй а.” | 25 сом |
6 | № 104 “Базар – Винсовхоз а.” | 25 сом |
7 | № 102, 114 “Базар – Сахзавод а.” | 25 сом |
8 | № 111 “Базар – Кичи райондор” | 25 сом |
9 | № 8, 9 “Базар – Кичи райондор” | 25 сом |
10 | № 108, 109 “Базар – Кичи райондор” | 25 сом |
2.Токмок шаарынын жарандары үчүн коомдук муниципалдык транспортто пенсионерлер (пенсиондук күбөлүгүн көрсөткөндө) жана балдар, өспүрүмдөр (мектеп окуучулары) жеңилдетилген жол кире акысына укуктуу. Жеңилдетилген жол кире акысы – 20 сом.
3.Шаар четиндеги жана шаар аралык каттамдарда бир жүргүнчүлөрдүн жол кире акысы:
№ | Маршруттардын аталышы жана № | Тарифи |
1 | № 399 “Токмок – Дордой” | 150 сом |
2 | № 353 “Токмок – Бишкек” (экспресс) | 130 сом |
3 | № 300 “Токмок – Бишкек” (жөнөкөй) | 120 сом |
4 | № 350 “Токмок – Бишкек” (жөнөкөй) | 120 сом |
5 | № 600 “Токмок – Каракол” | 600 сом |
6 | № 560 “Токмок – Чолпон-Ата -Бостери” | 500 сом |
Жооптуу катчы |
| Ч.Ж.Муталипова |