Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 01-23/276 «Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды верификациялоону жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА
БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИКТИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 2-октябры № 01-23/276
Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды верификациялоону жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 523 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды ишке ашыруу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун 3-пунктун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартибинин 3-пунктунун 3-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – Агенттик) жөнүндө жобого ылайык, буйрук кылам:
1. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды верификациялоону жүзөгө ашыруу тартиби (мындан ары – Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген Тартипти жетекчиликке алсын.
3. Агенттиктин кадырдык, финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Агенттиктин веб-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.
4. Агенттиктин кадр саясаты башкармалыгынын укуктук камсыздоо бөлүмү кабыл алынган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун электрондук версиясын электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Агенттиктин директорунун орун басары Б.С. Усеналиевага жүктөлсүн.
2026-жылдын 7-октябрында https://mkk.gov.kg/wp-content/uploads/2026/10/%D0%91%D1%83%D0%B9%D1%80%D1%83%D0%BA-1-2.pdfрасмий сайтында жарыяланды
Директордун милдетин убактылуу аткаруучу, директордун орун басары |
| Р.А. Кубаталиев |