ТоктомКүчүндө

Узун-Кыр айыл аймагынын Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2026-жылдын 17-июну № 78/XIX «Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча кредиттерди жылдыруу жөнүндө» токтому

Редакция17.06.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

УЗУН-КЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 17-июну № 78/XIX

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча кредиттерди жылдыруу жөнүндө

 

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 09 июнундагы №01-9/904 бюджеттин чыгаша статьяларын өндүрүштүк керектөөлөргө карата жылдыруу зарылдыгы жөнүндө катын карап жана талкуулап, өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу, Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026 жылдын 2 кварталына бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча кредиттер бөлүмдөр боюнча жылдырылсын:

“Бала бакча” бөлүмү 70911  “Нур Бакча “ бала бакчасы  Жер Казар айылы

-2221 беренесинен 56,0 миң сом суммасын

-3112- беренесине ар кандай жабдууларды сатып алуу үчүн

атайын эсептен: ТЖКЧ- бөлүмү 70629

-2221- беренесинен учурдагы оңдоо иштери 600,0 миң сом 2215-беренесине 600,0 миң сом полигонго таштандыларды ташып чыгаруу кызматтары

- 2221-беренеснен учурдагы оңдоо иштери 300,0 миң сом 3112 беренесине 300,0 миң сом айылдын аймагына видеокөзөмөл сатып алып, орнотууга

- 2221 беренесинен учурдагы оңдоо иштери1000,0 миң сом 3111беренесине-1000,0 миң сом Сары-Жон айылындагы ФАПка кире бериш курууга 500,0 миң сом жана Ленинское айылындагы христиан көрүстөнүн тегерегин тосууга 500,0 миң сом

2.Бул токтом Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага   

 

К.Б.Сманов