Узун-Кыр айыл аймагынын Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2026-жылдын 17-июну № 77/XIX «Ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн тарифти бекитүү жөнүндө» токтому
УЗУН-КЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-июну № 77/XIX
Ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн тарифти бекитүү жөнүндө
| ||
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 13-мартындагы №01-9/426 ЖЧК “Аквалюкс Восток” кайылуусун карап берүү жөнүндө катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11 пунктуна ылайык, жергиликтүү калкты сапаттуу ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, жана таза суу тарифтерин иш жүзүндөгү чыгымдарга шайкеш келтирүү максатында,Узун-Кыр айылдык кеңеши | ||
ТОКТОМ КЫЛАТ: | ||
1.323-контурдун суу пайдалануучулары үчүн ичүүчү сууну пайдалангандыгына акы төлөө тарифи бир куб метрге 34,18 сом өлчөмүндө бекитилсин. | ||
2.«Аквалюкс» ЖЧКсына 323-контурдун суу пайдалануучуларын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, ошондой эле суу менен камсыздоо тармактарына техникалык кызмат көрсөтүү жана авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча зарыл иш-чаралар көрүлсүн | ||
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын. | ||
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн | ||
| ||
Төрага |
| К.Б.Сманов |