ТоктомКүчүндө

Узун-Кыр айыл аймагынын Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2026-жылдын 17-июну № 76/XIX «Ново-Покровка айылынын ҮДТ имаратын муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакция17.06.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

УЗУН-КЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 17-июну № 76/XIX

 

Ново-Покровка айылынын ҮДТ имаратын муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесинин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 20-февралындагы № 01/10/258 катын карап жана талкуулап, калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган, Ново-Покровка айылынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) имаратын (бардык чектеш аймагы, курулуштары жана инженердик тармактары менен бирге) Чүй облустук жалпы дарыгердик практика борборунун балансына мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Б.Кубандыковго:

-мыйзамдарда белгиленген тартипте аталган объектти мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү боюнча кабыл алуу-өткөрүү актысын түзүүгө тиешелүү комиссиянын иш алып баруусун камсыз кылуу тапшырылсын;

3.Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) имараты белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюлгандан кийин Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объектилеринин реестринен чыгарылсын

4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

К.Б.Сманов