Узун-Кыр айыл аймагынын Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2026-жылдын 17-июну № 76/XIX «Ново-Покровка айылынын ҮДТ имаратын муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
УЗУН-КЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-июну № 76/XIX
Ново-Покровка айылынын ҮДТ имаратын муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
| ||
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесинин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 20-февралындагы № 01/10/258 катын карап жана талкуулап, калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, Узун-Кыр айылдык кеңеши | ||
ТОКТОМ КЫЛАТ: | ||
1.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган, Ново-Покровка айылынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) имаратын (бардык чектеш аймагы, курулуштары жана инженердик тармактары менен бирге) Чүй облустук жалпы дарыгердик практика борборунун балансына мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин. | ||
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Б.Кубандыковго: -мыйзамдарда белгиленген тартипте аталган объектти мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү боюнча кабыл алуу-өткөрүү актысын түзүүгө тиешелүү комиссиянын иш алып баруусун камсыз кылуу тапшырылсын; | ||
3.Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) имараты белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюлгандан кийин Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объектилеринин реестринен чыгарылсын | ||
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын. | ||
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. | ||
| ||
Төрага |
| К.Б.Сманов |