Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-ноябры № 375 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 175 «Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 10-ноябры № 375
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 175 «Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишин андан ары регламенттөө максатында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 175 «Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пунктта:
– 4-пунктчада:
онунчу абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Кызматчы анын телефондук, санариптик жана байланыштын башка түрлөрү аркылуу алынышы мүмкүн болгон макулдугусуз өргүүдөн мөөнөтүнөн мурда чакыртылышы мүмкүн эмес.»;
төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
«– чечимдерди кабыл алууга же аларды даярдоого жана кароого катышууга;»;
он алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– кызмат ордуна дайындаган адам менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнүүчү тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү билим берүүчүлүк, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык ишти жүргүзүүгө. Ушундай ишти жүзөгө ашыруу аткарылуучу иштин санына жана сапатына таасирин тийгизбөөгө, ошондой эле кызматчынын иштеген жеринде кызыкчылыктардын кагылышуусунун келип чыгышына жол бербөөгө тийиш;»;
төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
«– саламаттык сактоо, билим берүү, кайрымдуулук, ыктыярчылык чөйрөсүндө жана башка чөйрөлөрдө коомдук пайдалуу ишти жүзөгө ашыруучу коомдук бирикмелердин курамындагы ишке;»;
– 6-пунктчанын он алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– эгерде мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин чечими (макулдашуусу) боюнча ошол органдарга дайындалган (шайланган) учурларды кошпогондо, камкорчулук же байкоочу кеңештердин башкаруу органдарынын, башка коммерциялык эмес уюмдардын башка органдарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан алардын бөлүмдөрүнүн курамына кирүүгө;».
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-ноябрындагы № 86 (3846) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |