Орловка шаардык кеңешинин 2026-жылдын 6-августундагы № 110/16-29 «Кристалл» спорт комплексинин ижара акысын бекитүү жөнүндө" токтому
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын ХVI кезетеги сессиясы
2026-жылдын 6-августу № 110/16-29
"Кристалл" спорт комплексинин ижара акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34,39-беренелерине ылайык, Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:
1. Орловка шаарынын “Кристалл” спорт комплексинин ижара акысы
1 (бир ) саатка 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бекитилген ижара акы 2026-жылдын 1-сентябрынан баштап колдонууга киргизилсин.
3. Орловка шаарынын мэриясы Орловка шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнөн, балдар спорт секцияларынан, ошондой эле муниципалдык жана мамлекеттик иш-чаралардын уюштуруучуларынан тышкары, юридикалык жана жеке жактардан ижара акысын алсын.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом 2026-жылдын 1 сентябрынан тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын социалдык маселелер жана коомдук тартип боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И. Токтакунов |