ТоктомКүчүндө

Орловка шаардык кеңешинин 2026-жылдын 6-августундагы № 110/16-29 «Кристалл» спорт комплексинин ижара акысын бекитүү жөнүндө" токтому

Редакция06.08.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын ХVI кезетеги сессиясы

 

2026-жылдын 6-августу № 110/16-29

 

"Кристалл" спорт комплексинин ижара акысын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34,39-беренелерине ылайык, Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен  Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:

1. Орловка шаарынын “Кристалл” спорт комплексинин ижара акысы

1 (бир ) саатка 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бекитилген  ижара акы 2026-жылдын 1-сентябрынан баштап колдонууга киргизилсин.

3. Орловка шаарынын мэриясы Орловка шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнөн, балдар спорт секцияларынан, ошондой эле муниципалдык жана мамлекеттик иш-чаралардын уюштуруучуларынан тышкары, юридикалык жана жеке жактардан ижара акысын алсын.

4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.

5. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтом  2026-жылдын 1 сентябрынан тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.

8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын социалдык маселелер жана коомдук тартип боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

М.И. Токтакунов