ТоктомКүчүндө

Орловка шаардык кеңешинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 120/18-29 «Орловка шаарынын мэриясында биргелешкен мониторинг, баалоо тобун түзүү жана Жобосун бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция02.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын ХVIII кезетеги сессиясы

 

2026-жылдын 2-октябры № 120/18-29

 

Орловка шаарынын мэриясында биргелешкен мониторинг, баалоо тобун түзүү жана Жобосун бекитүү жөнүндө

Муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамын, КР  Бюджеттик Кодексинини жана ЖӨБЭММнын 2024-жылдын 27-декабрындагы № 01-25/352 “Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө Типтүү жобосун бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде Орловка шаарынын мэриясынын аймагында биргелешкен мониторинг жана баалоо иштерин уюштуруп жүргүзүү максатында токтом кылат:

 

1. Орловка шаарынын мэриясынын  биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (мындан ары БМжБ тобу) төмөнкү курамда түзүлсүн:

1) Беков Т.Б.-Орловка шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси, топтун төрагасы;

2) Мамырканова Н.О.-Орловка шаарынын мэриясынын экономика жана инвестиция тартуу боюнча башкы адиси, топтун мүчөсү;

3) Кабаева А.А.-Орловка шаарынын кеңешинин депутаты, топтун мүчөсү;

4) Тентиева Ж.- Орловка шаарынын кеңешинин депутаты, топтун мүчөсү;

5) Дмитриева С.Ю.-аялдар кеңешинин төрайымы, топтун мүчөсү;

6) Абдралиев К.- аксакалдар сотунун төрагасы, топтун мүчөсү;

7) Исакова Ч.-жарандык активист, топтун мүчөсү.

2. Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Жогорудагы түзүлгөн БМжБ тобу Жобого ылайык шаар аймак чегинде аткарылып жаткан иштерге байкоо жүргүзүп, баа берүү жагы тапшырылсын.

4. Бул токтом тиркемеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.

5. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын, маалымат такталарына жайгаштырсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемеси менен ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

8. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге  жүктөлсүн.

9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаардык кеңешинин социалдык маселелер жана коомдук тартип боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

М.И. Токтакунов