ТоктомКүчүндө

Орловка шаардык кеңешинин 2026-жылдын 6-августундагы № 115/16-29 «Жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө» токтому

Редакция06.08.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын ХVIII кезетеги сессиясы

 

2026-жылдын 6-августу №115/16-29

Жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 14-беренесин жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кенеши токтом кылат:

1. Кемин райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн шаар куруу нормаларына ылайык келүү шарты менен Орловка шаарынын Мира көчөсү №43 дарегиндеги жер тилкенин максаттуу багытын жеке турак жай имаратынан мечит курууга өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.

3. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер, курулуш, архитектура жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

М.И. Токтакунов