Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-ноябрындагы № 382 «Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ орус тилинде да барОрусча
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 13-ноябры № 382
Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-статьясынын 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарына, 3-бөлүгүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунушун эске алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө адамдардын өтүнүчтөрү тиркелген тизмеге ылайык канааттандырылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |