РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-ноябрындагы № 848-т (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан «Беш-Терек Түштүк-Чыгыш» (көмүр) тилкесинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө) тескемеси

Редакция12.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР

КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

 

2026-жылдын 12-ноябры № 848-т

 

 

 

Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын натыйжалуу толуктоо максатында, «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесинин 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибинин 10-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан «Беш-Терек Түштүк-Чыгыш» (көмүр) участогунда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында тиркемеге ылайык координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен жер казынасын пайдалануу укугу берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасы бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн участокто геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү башталганга чейин «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын сакталышын камсыз кылсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан "Беш-Терек Түштүк-Чыгыш" (көмүр) участогунда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында координаттар системасындагы бурчтук чекиттер

 

Бурчтук чекиттердин координаттары

№

X

Ү

1

13407514

4522363

2

13408790

4522350

3

13408678

4520483

4

13407642

4519560

5

13406543

4520389

6

13407673

4520968

Аянты: 335,0 га