Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-ноябрындагы № 853-т (2026-жылдын 7-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө бир мамлекеттин брокерлерине жана дилерлерине башка мүчө мамлекеттердин биржалары (соода уюштуруучулары) уюштурган тооруктарга катышууга уруксат берүү жөнүндө макулдашууга) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 13-ноябры № 853-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026-жылдын 7-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө бир мамлекеттин брокерлерине жана дилерлерине башка мүчө мамлекеттердин биржалары (соода уюштуруучулары) уюштурган тооруктарга катышууга уруксат берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |