Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-ноябрындагы № 859-т (Бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды төлөөнүн эсебине кабыл алынган кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 16-ноябры № 859-т
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222, 251, 372-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-январындагы № 14 «Бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө» токтому менен бекитилген Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун 129, 130, 146-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 «Мамлекеттик финансылык холдинг» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө» токтомунун 2-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. «Мамлекеттик финансылык холдинг» ачык акционердик коомуна мурда түзүлгөн макулдашууларга ылайык кыймылсыз мүлктүн төмөнкү объекттерин белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү сунушталсын:
1) Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы, номери жок контур (айыл чарба жерлери), 1-квартал дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 2-03-06-0001-1551, «Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы» ачык акционердик коомунун карызын төлөө эсебине кабыл алынган аянты 8000 кв. м жер тилкеси;
2) Чүй облусу, Жайыл району, Кара-Балта шаары, Эмгек проспекти, 219-үй, 9-батир дареги боюнча жайгашкан, жалпы аянты 57,7 кв. м, турак жай аянты 37,9 кв. м, идентификациялык коду 7-03-02-1004-0015-01-009, «Данко» айыл чарба кооперативи» коммерциялык кооперативинин жана «АЗАМАКС АГРО» айыл чарба кооперативинин карыздарын төлөө эсебине кабыл алынган батир;
3) Чүй облусу, Жайыл району, Федоровка айылы, Центральная көчөсү № 83в/1 дареги боюнча жайгашкан, аянты 34 600 кв. м, идентификациялык коду 7-03-11-1001-0547, «СХПК Агрофирма багышан» жоопкерчилиги чектелген коомунун карызын төлөөнүн эсебине кабыл алынган гараж чарбасы үчүн жер тилкеси.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объекттерин белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объекттерине менчик укугун белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |