Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-ноябрындагы № 754 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416»Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-ноябры № 754
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
27-июлундагы № 416 «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү
фонду жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-ноябрындагы № 747 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 355 «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуудан келип чыккан макулдашуулардын жана келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу» токтому менен жактырылган жана 2009-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, «Центерра Голд Инк.», «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердик коомунун ортосундагы Кайрадан каралган инвестициялык макулдашууга Кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө» токтомуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:
- 32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«32. «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан 1 пайыздык төгүм өлчөмүндө каражаттар алынгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы келип түшкөн АКШ долларын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына конвертациялоо жана Фонддун атайын казыналык эсебине которуу боюнча операцияны жүргүзөт.
Акча каражаттары 100 пайыз өлчөмүндө Фонддун каражаттарын тескөөчү тарабынан Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө андан ары пайдалануу үчүн Фонддун эсебине которулат.»;
- 36-пункт:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Байкоочу кеңеш тарабынан жактырылган, облусту социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө өбөлгө жаратуучу, бюджетти түзүүчү бизнес-долбоорлорго. Бюджетти түзүүчү долбоорлордун максаттуу багытын өзгөртүүгө Байкоочу кеңештин макулдугу менен жол берилет;»;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«- окуусун аяктагандан кийин беш жылдан кем эмес мөөнөт Ысык-Көл облусунун аймагында кийин иштеп берүү жөнүндө милдеттенмени караган келишим түзүлгөн шартта бюджеттен тышкаркы (контракттык) негизде билим алып жаткан студенттердин окуусун төлөөгө;
- кызматтык турак үйлөрдү жана батирлерди курууга жана/же сатып алууга.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-ноябрындагы № 86 (3846) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |