Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2026-жылдын 16-ноябрындагы № 200 («Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий объекттерин сактоо жана реставрациялоо боюнча фонд» коомдук фондунун маселелери боюнча) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 16-ноябры № 200
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-октябрындагы № 359 тескемесинин 2-пунктуна ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий объекттерин сактоо жана реставрациялоо боюнча фонд» коомдук фондунун уставы 1-тиркемеге ылайык;
2) «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий объекттерин сактоо жана реставрациялоо боюнча фонд» коомдук фондунун байкоочу кеңешинин курамы 2-тиркемеге ылайык.
2. «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий объекттерин сактоо жана реставрациялоо боюнча фонд» коомдук фонду белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жол-жобосунан өтсүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
|
А.А. Касымалиев |