РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-ноябры № 391 (Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жайгашкан Чүй агроөнөр жай зонасында кубаттуулугу 6,5 МВт (35/10 кВ) болгон түйүндүк трансформатордук көмөк чордонду долбоорлоо жана куруу жөнүндө) тескемеси

Редакция18.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 18-ноябры № 391

 

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жайгашкан Чүй агроөнөр жай зонасында зарыл болгон инфраструктураны түзүү максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жайгашкан Чүй агроөнөр жай зонасында 6,5 МВт (35/10 кВ) түйүндүк трансформатордук подстанцияны долбоорлоо жана куруу боюнча берүүчүнү аныктасын.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров