Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 14-майы № 485-VIII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-майы № 485-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 114-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкүдөй депутаттардын курамында түзүлсүн:
Маматалиев Марлен Абдырахманович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегациянын башчысы;
Абдуллаев Азизбек Ашимжанович;
Абиров Жаныбек Болотбекович;
Баатырова Гүлнара Маришовна;
Жеенчороев Мирлан Канатбекович;
Калбердиева Мавлюда Калмаматовна;
Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович;
Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич;
Мамытов Талант Турдумаматович;
Молдобекова Гулкан Сакиновна;
Мурзакимова Алтынкуль Жээнбековна;
Садырбаева Жылдыз Эсенбековна;
Саккараев Медербек Джаманкулович;
Салымбеков Жумабек Мамытбаевич;
Сариев Улан Алмасбекович;
Сатиева Гулжан Эркинбековна;
Толонов Данияр Эрмекович;
Турсунбаев Азизбек Атакозуевич;
Ханджеза Карим Лемзарович;
Шабазов Бахридин Валиевич;
Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна;
Эсенаманова Чолпон Замирбековна.";
2) 2-пунктта:
- төртүнчү жана бешинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"агрардык саясат, жаратылыш ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссияга - Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичти, Турсунбаев Азизбек Атакозуевичти, Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичти;
коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссияга - Ханджеза Карим Лемзаровичти, Салымбеков Жумабек Мамытбаевичти;";
- онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мамлекеттик курулуш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тажрыйбасын изилдөө боюнча туруктуу комиссияга - Шабазов Бахридин Валиевичти, Жеенчороев Мирлан Канатбековичти;";
- он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссияга - Сариев Улан Алмасбековичти, Калбердиева Мавлюда Калмаматовнаны.".
2. "Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 120-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |