РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-ноябрындагы № 857-т (Эл аралык жарандык авиацияга карата мыйзамсыз актыларга каршы күрөшүү жөнүндө конвенцияга жана протоколдорго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу жөнүндө) тескемеси

Редакция16.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 16-ноябры № 857-т

 

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык:

 

1. 2010-жылдын 10-сентябрында Пекинде кол коюлган Эл аралык жарандык авиацияга карата мыйзамсыз актыларга каршы күрөшүү жөнүндө конвенцияга, 2010-жылдын 10-сентябрында Пекинде кол коюлган Аба кемелерин мыйзамсыз басып алууга каршы күрөшүү жөнүндө конвенцияны толуктоочу протоколго, 2014-жылдын 4-апрелинде Монреалда кол коюлган Аба кемелеринин бортунда жасалган кылмыштар жана айрым башка актылар жөнүндө конвенцияны өзгөртүүчү протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Конвенцияны жана протоколдорду ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев