Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-ноябрындагы № 390 (Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин орун басарынын кошумча кызмат ордун киргизүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 13-ноябры № 390
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде аталган министрликтин бекитилген штаттык санынын чегинде министрдин орун басарынын кошумча кызмат ордун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Бул тескемени ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |