РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 8-октябрындагы № 348 (Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана куруу эрежелерин, Бишкек шаарын деталдуу пландоо долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүнү (подрядчыны) аныктоо тууралуу) тескемеси

Редакция08.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 2026-жылдын 8-октябры № 348

 

Бишкек шаарында шаар курууну өнүктүрүү маселелерин ыкчам чечүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана куруу эрежелерин, Бишкек шаарын деталдуу пландоо долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүнү (подрядчыны) аныктасын.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров