ПриказКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 4-ноябрындагы № 138-нпа «КР КЧ 23-01:2026 «Курулуш жылуулук техникасы (имараттардын жылуулугун сактоо)» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө» буйругу

Редакция04.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН

БУЙРУГУ

 

 

2026-жылдын 4-ноябры № 138-нпа

 

КР КЧ 23-01:2026 «Курулуш жылуулук техникасы

(имараттардын жылуулугун сактоо)»

Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө

 

Жаңы курулушта, реконструкциялоодо жана капиталдык оңдоодо жайлардын микроклиматынын ченемдик параметрлерин камсыз кылуу, отун-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле тосуучу конструкциялардын ишенимдүүлүгүн жана чыдамдуулугун камсыз кылуу үчүн имараттардын жана курулмалардын жылуулугун сактоого карата актуалдаштырылган талаптарды белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө (мындан ары – Курулуш министрлиги) жобону жетекчиликке алуу менен буйрук кылам:

 

1. КР КЧ 23-01:2026 «Курулуш жылуулук техникасы (имараттардын жылуулугун сактоо)» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Курулуш министрлигинин техникалык ченемдөө бөлүмү:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;

- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук алып жүрүүчүдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2013-жылдын 28-майындагы № 143 «Жылуулук сактоо боюнча ченемдик документтерди бекитүү жана ишке киргизүү жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.

5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Министр

 

Н.К. Орунтаев