Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-ноябрындагы № 766 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-ноябры № 766
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Улуттук мыйзамдарды Евразия экономикалык комиссиясынын ченемдик укуктук базасына шайкеш келтирүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июнундагы № 402 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», 2026-жылдын 24-июлундагы № 508 «Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү эрежелерин, ошондой эле газ баллондук жабдууга карата талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомдорун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 «Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды жана медициналык лабораторияларды аккредитациялоо боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча улуттук органы жүргүзөт деп аныкталсын.»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жободо:
– 3-пунктта:
төртүнчү абзацта «белгилүү бир тармак» деген сөздөр «шайкештикти баалоо боюнча аныкталган иш» деген сөздөргө алмаштырылсын;
он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«аккредитациялоо тармагы – аккредитациялоо шайкештикти баалоо боюнча аныкталган иш тармагы үчүн берилгендигин ырастаган расмий документ;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы жана жыйырма биринчи абзацтар менен толукталсын:
«күбөлүк баалоо – аккредитациялоо боюнча улуттук органдын аккредитациялоо боюнча өз тармагынын чегинде шайкештикти баалоо боюнча ишти жүргүзгөн шайкештикти баалоо боюнча органды байкоого алуусу;
аккредитациялоо схемасы – бирдей талаптар колдонулган шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоого тиешелүү эрежелер жана процесстер.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 121-пункт менен толукталсын:
«121. Аккредитациялоо боюнча улуттук органдын калыстыгын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри тиркемеге ылайык Калыстык жөнүндө декларацияга кол коет.»;
– 14-пунктта:
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган жана таанылган органдардын реестрин, баалоочулардын, техникалык эксперттердин реестрин (эсебин), квалификацияны текшерүү жана башка салыштыруу программаларын, сертификаттоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү, ошондой эле аталган реестрлерден маалыматтарды берүү;»;
төмөнкүдөй мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын:
«16) аккредитациялоо процесстеринин алкагында күбөлүк баалоону уюштуруу (алгачкы аккредитациялоо/инспекциялык контролдоо/кайра баалоо).»;
– 22-пункттун үчүнчү абзацы «ресурстарын талдоо» деген сөздөрдөн кийин «жана эксперттик топту түзүү» деген сөздөр менен толукталсын;
– 23-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда белгиленген үлгүдөгү аккредитациялоо аттестаты жана улуттук орган тарабынан бекитилген аккредитациялоо тармагы тапшырылат, ошондой эле аккредитация белгисин пайдалануу укугу берилет.»;
– 24-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) арыз берүүчүнүн колдонулган аккредитациялоо схемасынын алкагында аккредитациялоо критерийлерине ылайык келбеши;»;
төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
«8) шайкештикти баалоо боюнча орган тарабынан өз ишинде шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган башка иштеп жаткан орган менен материалдык ресурстарды жана башка активдерди, анын ичинде жайларды, жабдууларды, ишти жүзөгө ашыруу дарегин, расмий сайтты бир эле мезгилде пайдалануусу, ошондой эле шайкештикти баалоо боюнча башка аккредитацияланган органдын негизги персоналынын курамында эмгек ишин жүргүзгөн адамдарды тартуусу, эгерде бул шайкештикти баалоо боюнча органда өз алдынча иш жүргүзүү үчүн зарыл болгон обочолонгон мүлкүнүн жана ресурстарынын жоктугун айгинелеп турса.»;
– 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«33. Аккредитациялоо боюнча улуттук орган менен шайкештикти баалоо боюнча органдын жана аккредитациялоого арыз берүүчүнүн/талапкердин ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар эки тараптуу сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
Аккредитациялоо боюнча улуттук органдын аккредитациялоо аттестатын берүүдөн баш тартуу, анын колдонулушун токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечимине шайкештикти баалоо боюнча орган жана аккредитациялоого арыз берүүчү/талапкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотко чейинки тартипте жана/же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.»;
– ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарды Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүнө киргизүү/чыгаруу жөнүндө чечимдерин кабыл алуунун тартиби жана негиздери жөнүндө жободо:
– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. Аккредиттелген ШБОну Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнөн чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн негиз болуп КАБда аккредиттелген ШБО ушул Жобонун 14-пунктунда баяндалган киргизүү критерийлерине, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2018-жыдын 5-декабрындагы № 100 чечими менен бекитилген критерийлерге ылайык келбей калгандыгын тастыктаган фактылардын болушу саналат.»;
– 14-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– сертификаттоо боюнча органдын жетекчисинин, сыноо лабораториясынын (борборунун) жетекчисинин, инспекциялоо органынын жетекчисинин, ошондой эле алардын орун басарларынын (шайкештикти баалоо жөнүндө документ берүү тууралуу чечим кабыл алуучулардын) тиешелүү аккредитациялоо тармагындагы жогорку билими жана/же тиешелүү аккредитациялоо тармагынын багыты же анын бөлүгү боюнча даярдыгы жана шайкештикти баалоо тармагында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы жана/же билими, ошондой эле аккредиттелген ШБОнун өзү белгилеген компетенттүүлүккө коюлган талаптарга ылайык келүүсү;»;
үчүнчү абзацта «2 жылдын» деген сөздөр «1 жылдын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган тарабынан субподряддык уюмдарга баалоо этаптарын бербестен сертификаттоо жол-жоболорун жүргүзүү (продукцияны карап чыгуу, үлгүлөрдү тандап алуу, өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү).»;
онунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жободо:
12-пункттун 2-пунктчасынын онунчу абзацы «мамлекеттик реестрин жүргүзөт» деген сөздөрдөн кийин «, транспорт каражаттарынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктөрдүн бирдиктүү реестрин түзөт жана жүргүзөт» деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө жободо:
12-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
«– Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын № 115 Эрежелери боюнча транспорт каражаттарынын тиешелүү тобу үчүн жалпысынан газ баллон системасынын тибин сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүү;»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө жободо:
– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. КАБдын юридикалык дареги: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 461.»;
– 14-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
«– окутуу жүргүзөт;»;
2-пунктчанын алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2-пунктчанын сегизинчи абзацы «күбөлүгүнө кошумча барактардын бланктарын» деген сөздөрдөн кийин «, конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилген транспорт каражатын техникалык кароонун диагностикалык картасынын бланктарын» деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
«– аккредитацияланган ШБОнун, аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө тартылган баалоочулардын жана техникалык эксперттердин, сертификаттоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) ишине аккредитациялоо критерийлеринин сакталышы бөлүгүндө мониторинг жүргүзөт, ошондой эле тиешелүү реестрлерде камтылган шайкештикти баалоо тууралуу берилген документтер жөнүндө маалыматтарга талдоо жүргүзөт;
– белгиленген талаптарды бузуулар табылган учурда шайкештикти баалоо жөнүндө документтерге карата чара көрөт, анын ичинде аларды белгиленген тартипте колдонулушун токтото туруу, жаңыртуу жана токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат;».
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 352 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптар, алардын компетенттүүлүгүн ырастоо, сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибинде:
26-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна шайкештикти баалоо жөнүндө документтер болгон учурда алардын колдонулушун токтото туруу, жаңыртуу жана токтотуу жөнүндө маалымат берүүнү камсыз кылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| Тиркеме
«Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жобого тиркеме |
Калыстык жөнүндө декларация
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, «Шайкештикти баалоо. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоочу аккредитациялоо боюнча органдарга жалпы талаптар» ISO/IEC 17011 эл аралык стандарттын талаптарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун (мындан ары – КАБ) статусун эске алуу менен, кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышууларын четтетүү, КАБдын калыстыгын жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында төмөнкүлөрдү билдирет: – КАБдын аккредитациялоо боюнча жүргүзгөн иштерине жана аккредитациялоо жаатында кабыл алган чечимдерине кийлигишпейт; – шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө катышкан КАБдын жетекчилигине, туруктуу жана аккредитациялоо боюнча иштерге тартылган персоналына административдик, финансылык же башка кысым көрсөтпөйт; – аккредитациялоо жаатында кабыл алынуучу чечимдердин калыстыгын жана көз карандысыздыгын камсыз кылууну күмөнгө салуучу эч кандай иш-аракеттерди жасабайт. Бул Декларация КАБдын ишине тиешеси бар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнө жеткирилди жана аткарууга милдеттүү.
| ||
Министр |
| ». |