ТоктомКүчүндө

Жээк айыл аймагынын Жээк айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-ноябрндагы № 2/I-29 «Жээк айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө» токтому

Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖЭЭК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 29-ноябрь № 2-I-29

Жээк айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 29-ноябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Эсептөө комиссиясынын Жээк айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 29-ноябрындагы №3-протоколу бекитилсин.

2. Жумашев Кыяз Нуркановичти Жээк айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.

2026-жылдын 6-ноябрындагы https://www.zheek.org.kg/storage/app/media/11111/2-1-29%2031.01.2025.pdfрасмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

 

Шаршеналиев К.К.