ТоктомКүчүнө кире элек

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-ноябры № 761 «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл аймагында жайгашкан жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому

Редакция18.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 18-ноябры № 761

 

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл аймагында жайгашкан жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл аймагында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому тарабынан көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2026-жылдын 10-февралындагы № 01-9-847 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 66 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 13-пунктуна, 102-беренесине, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 121-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл аймагындагы № 1206 контурда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 10,0 га сугат айдоо жер тилкеси көп кабаттуу ипотекалык турак үйлөрдү куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун (трансформациялансын).

2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: 

1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү; 

2) ушул  токтомдун  1-пунктунда  көрсөтүлгөн  жер  тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;

3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

4) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймактагы кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;

5) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды күтүүнү жана коргоону, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык казуу жана  курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөлдөө үчүн археолог адисти тартууну;

6) ушул токтомдун 1-пунктунда  көрсөтүлгөн жер тилкесинин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;

7) чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууну;

8) жарандык коргонуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоону;

9) «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесин сактоону, ошондой эле «Темир жол транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык транспорттун башка түрлөрү менен өз ара аракеттенүүдө темир жол транспортунун иштешин камсыз кылууну; 

10) электр берүү линияларын коопсуз жана талаптагыдай эксплуатациялоо үчүн  тиешелүү коопсуздук аралыктарын  сактоону.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 20-ноябрындагы № 88 (3848) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев