Убактылуу жобоКүчүнө кире элек

Авиациялык билеттерди брондоону жана сатууну жүзөгө ашыруучу субъекттерди каттоо боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-ноябрындагы № 769 токтому менен бекитилди)

Редакция19.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 19-ноябрындагы № 769

токтому менен бекитилди)

 

Авиациялык билеттерди брондоону жана сатууну жүзөгө

ашыруучу субъекттерди каттоо боюнча пилоттук долбоорду

өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо

 

1-глава. Жалпы жоболор жана колдонулуучу терминдер

2-глава. Катталган субъекттердин (агенттердин, субагенттердин) реестри

3-глава. Субъекттерге (агенттерге, субагенттерге) карата каттоо талаптары

4-глава. Каттоону жүргүзүүнүн тартиби

5-глава. Жүргүнчүлөргө милдеттүү түрдө маалымат берүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо

6-глава. Авиаташуучулар менен өз ара аракеттенүү

7-глава. Убактылуу жобонун талаптарынын сакталышын контролдоо жана субъекттердин (агенттердин, субагенттердин) Реестрдеги статусун өзгөртүү

 

1-глава. Жалпы жоболор жана колдонулуучу терминдер

 

1. Ушул Авиациялык билеттерди брондоону жана сатууну жүзөгө ашыруучу субъекттерди каттоо боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары – Убактылуу жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында авиациялык билеттерди брондоону, тариздөөнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди каттоонун тартибин жана шарттарын, ошондой эле авиациялык билеттерди брондоону жана сатууну жүзөгө ашыруучу субъекттердин реестрин (мындан ары – Реестр) жүргүзүү эрежелерин белгилейт.

Мамлекеттик ишканалар тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин камсыз кылуунун алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, мамлекеттик мекемелер, расмий делегациялар жана башка адамдар үчүн авиабилеттерди борборлоштурулган брондоону, тариздөөнү жана сатып алууну жүзөгө ашыруу бөлүгүндө аларды кошпогондо, ушул Убактылуу жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасында катталган жана Кыргыз Республикасынын аймагында авиабилеттерди брондоо, тариздөө жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге жайылтылат. 

2. Пилоттук долбоордун негизги максаты ак ниет эмес ортомчулукка жол бербөө, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу, жеке маалыматтарды жана жүргүнчүлөрдүн укуктарын Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык коргоо максатында субъекттерди эсепке алуу жана каттоо механизмин киргизүү болуп саналат.

3. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:

1) Мамлекеттик агенттик – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги;

2) субъект (агент, субагент) – Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык катталган, келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде жүргүнчүлөргө авиабилеттерди брондоо, тариздөө жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу юридикалык жак же жеке ишкер;

3) субъектти каттоо (эсепке алуу) – ушул Убактылуу жободо белгиленген тартипте субъект тарабынан берилген маалыматтардын жана документтердин негизинде субъект (агент, субагент) жөнүндө маалыматтарды Реестрге киргизүү;

4) Реестр – авиабилеттерди сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырган катталган субъекттер (агенттер, субагенттер) жөнүндө ачык маалыматтарды камтыган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин бирдиктүү электрондук маалыматтар базасы;

5) Global Distribution System (GDS) – авиабилеттерди жана коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдү брондоо үчүн глобалдык компьютердик тармак;

6) жүргүнчү – авиациялык ташууну брондоо же сатуу боюнча кызмат көрсөтүлүүчү жеке жак;

7) жүргүнчүгө маалымдоо – төлөм аяктаганга чейин авиабилетти сатып алуучу жүргүнчүгө же жакка ташуунун шарттары, тарифти колдонуу, авиабилетти кайтаруу жана алмаштыруу эрежелери, ошондой эле ушул Убактылуу жободо каралган башка маалыматтарды берүү.

 

2-глава. Катталган субъекттердин

(агенттердин, субагенттердин) реестри

 

4. Реестрди түзүү жана жүргүзүү Мамлекеттик агенттик тарабынан жүзөгө ашырылат. Реестр субъекттер (агенттер, субагенттер) жөнүндө маалыматтарды камтыган ачык маалыматтык булак болуп саналат.

5. Реестрде төмөнкү ачык маалыматтар чагылдырылат:

1) субъекттин (агенттин, субагенттин) аталышы (жеке ишкер үчүн фамилиясы, аты, атасынын аты);

2) иш жүзүндөгү дареги (сатуу пунктунун дареги);

3) керектөөчүлөр менен өз ара аракеттенүү үчүн пайдаланылуучу байланыш маалыматтары;

4) Реестрдеги субъекттин (агенттин, субагенттин) эсептик номери;

5) Реестрдеги учурдагы статусу (Иштейт/Убактылуу токтотулган/Эсептен чыгарылган).

6. Ар бир катталган субъектке (агентке, субагентке) эсептик номер ыйгарылат жана Реестрдеги субъекттин (агенттин, субагенттин) профилине алып баруучу динамикалык QR-код түзүлөт.

7. Субъект (агент, субагент) Реестрдеги субъект жөнүндө маалыматтарды текшерүүгө мүмкүндүк берген басылып чыгарылган QR-кодду жана эсептик номерди ар бир физикалык сатуу пунктунда керектөөчү үчүн көрүнүктүү жана жеткиликтүү жерге жайгаштырууга милдеттүү. Онлайн-сатууларда көрсөтүлгөн маалымат жана Реестрге шилтеме субъекттин (агенттин, субагенттин) веб-сайтынын башкы бетинде же мобилдик тиркемесинде жайгаштырылат.

 

3-глава. Субъекттерге (агенттерге, субагенттерге) карата

каттоо талаптары

 

8. Каттоодон өтүү жана Реестрге киргизүү үчүн субъект (агент, субагент) төмөнкүдөй критерийлерге шайкештигин ырастоого милдеттүү:

1) персоналдын квалификациясы: субъекттин (агенттин, субагенттин) авиабилеттерди брондоону, тариздөөнү жана сатууну түздөн-түз жүзөгө ашыруучу кызматкерлери субъект (агент, субагент) тарабынан колдонулуучу авиабилеттерди брондоо жана тариздөө системасында – GDS, авиаташуучунун өзүнүн брондоо системасында же агенттик порталында, консолидатордун системасында же авиабилеттерди брондоо жана тариздөө жүзөгө ашырылуучу башка системада иштөө боюнча ырасталган билимдерге жана көндүмдөргө ээ болууга тийиш.

Колдонулуучу брондоо системасында иштөө боюнча билимдер жана көндүмдөр тиешелүү окуудан өткөндүгү жөнүндө сертификат, авиаташуучунун, GDS берүүчүсүнүн же консолидатордун каты же башка ырастоосу, тиешелүү системага жеткиликтүүлүк берилгендиги жөнүндө документ же колдонулуучу системада иштөө укугун жана мүмкүнчүлүгүн ырастоого мүмкүндүк берген башка документ менен ырасталышы мүмкүн;

2) техникалык жабдылышы: программалык камсыздоону мыйзамдуу негиздерде колдонуу, GDSке жана (же) авиаташуучунун өзүнүн брондоо системасына, агенттик порталына, консолидатордун системасына же авиабилеттерди брондоо жана тариздөө үчүн колдонулуучу башка системага мыйзамдуу жеткиликтүүлүктүн болушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык жүргүнчүлөрдүн жеке маалыматтарын коргоону камсыз кылуу.

Жеткиликтүүлүктүн мыйзамдуулугу келишим, макулдашуу, авторизациялоо жөнүндө кат, агенттик системада катталгандыгын ырастоо, агенттик жеткиликтүүлүктүн же агенттик коддун берилгендигин ырастоо, авиаташуучунун электрондук ырастоосу, жеке кабинеттен көчүрмө же тиешелүү жеткиликтүүлүктүн мыйзамдуулугун аныктоого мүмкүндүк берген башка документ менен ырасталышы мүмкүн;

3) укуктук негиздер: субъекттин (агенттин, субагенттин) авиаташуучу, консолидатор, GDS берүүчүсү же башка ыйгарым укуктуу жак менен келишимдик мамилелердин негизинде авиабилеттерди брондоону жана сатууну жүзөгө ашырууга укугун ырастаган келишимдин, макулдашуунун, кепилдик каттын же башка документтин болушу.

 

4-глава. Каттоону жүргүзүүнүн тартиби

 

9. Каттоодон өтүү үчүн субъект (агент, субагент) Мамлекеттик агенттикке каттоо жөнүндө Мамлекеттик агенттик тарабынан белгиленген формада арызды ушул Убактылуу жобонун 8-пунктунун талаптарына шайкештигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен берет.

10. Мамлекеттик агенттик берилген документтердин топтомун алар келип түшкөн күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде карайт.

11. Берилген маалыматтар толук жана анык болгон жана субъект (агент, субагент) ушул Убактылуу жобонун 8-пунктунун талаптарына шайкеш келген учурда Мамлекеттик агенттик субъектти (агентти, субагентти) каттоо жөнүндө чечим кабыл алат жана Мамлекеттик агенттиктин расмий веб-сайтында жайгаштырылган Реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизет. Каттоо фактысы Реестрде субъект (агент, субагент) жөнүндө маалыматтардын болушу менен ырасталат.

12. Субъект (агент, субагент) жөнүндө маалыматтарды Реестрге киргизүү Мамлекеттик агенттик субъекттин (агенттин, субагенттин) ушул Убактылуу жобонун талаптарына шайкештиги жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин жүзөгө ашырылат.

Субъектти (агентти, субагентти) Реестрде каттоо пилоттук долбоордун колдонуу мөөнөтүнө жүргүзүлөт.

13. Каттоодон баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп анык эмес же бурмаланган маалыматтарды берүү, ушул Убактылуу жобонун 8-пунктунун талаптарына шайкеш келбөө саналат.

14. Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим негизделген болууга тийиш жана субъект (агент, субагент) тарабынан Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн. Каттоодон баш тартуу аныкталган кемчиликтер жоюлгандан кийин арызды кайрадан берүүгө тоскоолдук кылбайт.

 

5-глава. Жүргүнчүлөргө милдеттүү түрдө маалымат берүү жана

керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо

 

15. Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык авиабилет үчүн төлөм аяктаганга чейин субъект (агент, субагент) жүргүнчүгө же авиабилетти сатып алуучу жакка төмөнкүдөй пункттар боюнча толук жана анык маалымат берүүгө милдеттүү:

1) документтерге карата талаптар: инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасынын болушунун зарылдыгы (ички ташууларда жашы жете элек жарандар үчүн – туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ошондой эле баруучу жана транзиттик өлкөлөрдүн визалык режимге жана паспорттун минималдуу колдонуу мөөнөтүнө карата талаптары.

Чет мамлекеттердин визалык, транзиттик жана башка документтик талаптары жөнүндө маалымат маалымат берүү учурунда актуалдуу болгон расмий же башка ишенимдүү булактардан маалыматтардын негизинде берилет. Субъект (агент, субагент) жүргүнчүгө ташуу башталганга чейин баруучу жана транзиттик мамлекеттердин актуалдуу талаптарын кошумча текшерүү зарылдыгы жөнүндө маалымдайт; 

2) медициналык жана атайын талаптар: Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык кош бойлуу аялдарды ташуу эрежелери (кош бойлуулуктун мөөнөтү жана каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугу жөнүндө медициналык маалымкат кош бойлуулуктун бардык мөөнөтүндө милдеттүү, ал эми бир түйүлдүктүү кош бойлуулукта 28 жумадан 36 жумага чейин жана көп түйүлдүктүү кош бойлуулукта 32 жумага чейин кошумча түрдө алмашуу картасы талап кылынат); оорулуу жүргүнчүлөрдү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ташуу эрежелери (учуу башталганга чейин медициналык корутунду берүү жана ташуу шарттарын авиакомпания менен алдын ала макулдашуу зарылдыгы);

3) жол-жоболук ченемдер: багажды жана кол жүктү акысыз ташуунун ченемдери, рейске каттоонун эрежелери жана каттоонун аяктоосунун так убактысы (эгерде ташуучу тарабынан башкача белгиленбесе, эреже катары, эл аралык рейстерде учууга 60 мүнөт калганда жана ички рейстерде 40 мүнөт калганда), ошондой эле авиациялык коопсуздуктун негизги эрежелери.

Көрсөтүлгөн маалыматты берүү фактысы анын авиабилет үчүн төлөм аяктаганга чейин берилгендигин аныктоого мүмкүндүк берген ыкма менен, анын ичинде кол коюу, электрондук белги, электрондук билдирүү, колдонулуп жаткан электрондук байланыш каналы аркылуу кат алышуу же болбосо аны жазуунун башка ыкмасы аркылуу ырасталууга тийиш.

Авиабилет бир адам тарабынан башка жүргүнчү же жүргүнчүлөрдүн тобу үчүн сатып алынган учурда маалымат авиабилеттерди брондоону жана алар үчүн төлөөнү жүзөгө ашыруучу жакка берилет.

 

6-глава. Авиаташуучулар менен өз ара аракеттенүү

 

16. Реестр субъекттер (агенттер, субагенттер) жана алардын Реестрдеги учурдагы статусу жөнүндө ачык маалыматтык булак болуп саналат.

Субъектти (агентти, субагентти) Реестрге киргизүү субъекттин (агенттин, субагенттин), авиаташуучунун, консолидатордун, GDS берүүчүсүнүн же башка ыйгарым укуктуу жактын ортосундагы келишимдик мамилелерди алмаштырбайт жана ишти жүзөгө ашырууга өз алдынча уруксат болуп саналбайт.

17. Агенттик макулдашууларды түзүүдө жана авиабилеттерди брондоо жана тариздөө системаларына жеткиликтүүлүк берүүдө авиаташуучулар жана консолидаторлор Реестрде камтылган маалыматтарды субъект (агент, субагент) жөнүндө кошумча маалымат булагы катары пайдаланууга укуктуу.

Келишимдик мамилелерди түзүү, өзгөртүү же токтотуу, ошондой эле авиабилеттерди брондоо жана тариздөө системаларына жеткиликтүүлүктү берүү, чектөө же токтотуу жөнүндө чечимдер авиаташуучулар, консолидаторлор жана башка ыйгарым укуктуу жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык өз алдынча кабыл алынат.

18. Субъекттин (агенттин, субагенттин) Реестрдеги статусу «Убактылуу токтотулган» же «Эсептен чыгарылган» болуп өзгөртүлгөн учурда Мамлекеттик агенттик тиешелүү билдирүүнү жөнөтүү жана маалыматты Реестрге жайгаштыруу аркылуу бул тууралуу авиаташуучуларга жана консолидаторлорго маалымдайт.

Субъекттин (агенттин, субагенттин) статусу «Убактылуу токтотулган» болуп өзгөртүлгөн учурда авиаташуучулар жана консолидаторлор көрсөтүлгөн статус колдонулган мезгилде анын авиабилеттерди брондоо жана тариздөө системаларына жеткиликтүүлүгүн убактылуу чектөөгө укуктуу.

Субъекттин (агенттин, субагенттин) статусу «Эсептен чыгарылган» болуп өзгөртүлгөн учурда Мамлекеттик агенттик бул тууралуу авиаташуучуларга жана консолидаторлорго маалымдайт. Субъектке (агентке, субагентке) авиабилеттерди брондоо жана тариздөө системаларына жеткиликтүүлүктү мындан ары берүү, чектөө же токтотуу жөнүндө чечим авиаташуучулар, консолидаторлор жана башка ыйгарым укуктуу жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык өз алдынча кабыл алынат.

 

7-глава. Убактылуу жобонун талаптарынын сакталышын

контролдоо жана субъекттердин (агенттердин, субагенттердин)

Реестрдеги статусун өзгөртүү

 

19. Мамлекеттик агенттик өз компетенциясынын чегинде субъекттер (агенттер, субагенттер) тарабынан ушул Убактылуу жобонун талаптарынын сакталышына контролду жүзөгө ашырат.

Жарандардын, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, авиаташуучулардын жана башка жактардын кайрылуулары (даттануулары) мүмкүн болгон бузуу жөнүндө маалыматты кароого негиз болуп саналат.

Ушул главада каралган чараларды колдонууга аныкталган жана документтер менен ырасталган бузуу болгон учурда гана жол берилет.

Субъекттерди (агенттерди, субагенттерди) текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

20. Ушул Убактылуу жободо каралган, документтер менен ырасталган негиздер аныкталган учурда Мамлекеттик агенттик субъектке (агентке, субагентке) аныкталган бузуу жөнүндө кабарлайт жана аны 14 календардык күндүн ичинде жоюу үчүн мүмкүндүк берет.

Субъект (агент, субагент) түшүндүрмөлөрдү, каршы пикирлерди жана аныкталган бузуу жоюлгандыгын ырастаган документтерди берүүгө укуктуу.

Бузуу ушул пункт менен белгиленген мөөнөттө жоюлбаган учурда субъекттин (агенттин, субагенттин) Реестрдеги статусун токтото туруу жөнүндө чечим Мамлекеттик агенттик тарабынан колдо болгон документтердин жана материалдардын негизинде кабыл алынат.

Тиешелүү өзгөртүүлөр чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күнүнөн кечиктирбестен Реестрге киргизилет.

21. Бузуу 14 календардык күндүн ичинде жоюлбаган же анын жоюлгандыгын ырастаган документтер жана маалыматтар берилбеген учурда Мамлекеттик агенттик субъекттин (агенттин, субагенттин) Реестрдеги статусун аныкталган бузуу жоюлганга чейин, бирок статус өзгөртүлгөн күндөн тартып 30 календардык күндөн көп эмес «Убактылуу токтотулган» деп өзгөртүү жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат.

Ушул пункттун биринчи абзацында каралган чечимди кабыл алууда Мамлекеттик агенттик колдонулуучу чаранын аныкталган бузуунун мүнөзүнө жана кесепеттерине шайкеш болушун камсыз кылат жана бузуунун жасалышынын жагдайларын, анын жоюлгандыгын жана жоюу мөөнөттөрүн, ошондой эле мурда аныкталган ушундай эле бузуулардын болушун эске алат.

Тиешелүү өзгөртүү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күнүнөн кечиктирбестен Реестрге киргизилет.

Субъекттин (агенттин, субагенттин) Реестрдеги статусун «Убактылуу токтотулган» деп өзгөртүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

− каттоо жол-жобосунан өтүүдө анык эмес же жасалма документтердин жана маалыматтардын берилгендиги жөнүндө документтер менен ырасталган фактынын аныкталышы;

− субъект (агент, субагент) тарабынан ушул Убактылуу жобонун талаптарынын бузулгандыгы документтер менен ырасталган, анын ичинде авиаташуучунун кайрылуусун кароонун жыйынтыгы боюнча бузуунун аныкталышы;

− ушул Убактылуу жобонун 15-пунктунун талаптарын бузуу менен жүргүнчүгө толук эмес же анык эмес маалымат берилгендиги жөнүндө документтер менен ырасталган фактынын аныкталышы;

− субъектке (агентке, субагентке) түздөн-түз жүктөлгөн милдеттенмелердин бөлүгүндө жокко чыгарылган рейстер же пайдаланылбаган авиабилеттер үчүн жүргүнчүгө акча каражаттарын кайтарып берүүнүн белгиленген эрежелерин, жол-жоболорун жана мөөнөттөрүн бузуу;

− жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары субъект (агент, субагент) тарабынан бузулгандыгы жөнүндө расмий маалымат жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан келип түшүшү.

«Убактылуу токтотулган» статусу колдонулган мөөнөттүн ичинде субъект (агент, субагент) аныкталган бузууну жоюуга жана анын жоюлгандыгын ырастаган документтерди жана маалыматтарды тиркөө менен статусту калыбына келтирүү жөнүндө арызды Мамлекеттик агенттикке өз алдынча берүүгө укуктуу.

22. Статусту калыбына келтирүү жөнүндө маселе субъекттин (агенттин, субагенттин) кайрылуусунун жана ал тарабынан берилген документтердин жана маалыматтардын негизинде каралат.

Мамлекеттик агенттик статусту калыбына келтирүү жөнүндө арызды жана берилген документтерди жана маалыматтарды алар келип түшкөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде карайт.

Аныкталган бузуу жоюлгандыгы ырасталган учурда Мамлекеттик агенттик субъекттин (агенттин, субагенттин) Реестрдеги статусун «Иштейт» деп калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алат.

Тиешелүү өзгөртүүлөр чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күнүнөн кечиктирбестен Реестрге киргизилет.

Бузуунун жоюлгандыгы берилген документтер жана маалыматтар менен ырасталышы мүмкүн болгон учурда, кайталап текшерүү жүргүзүлбөйт.

23. Субъекттин (агенттин, субагенттин) Реестрдеги статусун «Эсептен чыгарылган» деп өзгөртүү Мамлекеттик агенттик тарабынан төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:

1) субъект (агент, субагент) авиабилеттерди брондоо жана сатуу боюнча ишин токтотуу жөнүндө арыз бергенде;

2) юридикалык жактын же жеке ишкердин иши белгиленген тартипте токтотулганда;

3) субъекттин (агенттин, субагенттин) статусу «Убактылуу токтотулган» деп өзгөртүлгөн күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде документтер менен ырасталган бузуу жоюлбаганда же анын жоюлгандыгын ырастаган документтер жана маалыматтар берилбегенде;

4) эгерде мурда аныкталган жана документтер менен ырасталган ушундай эле бузуу үчүн субъекттин (агенттин, субагенттин) статусу «Убактылуу токтотулган» деп өзгөртүлгөн болсо, пилоттук долбоордун колдонуу мөөнөтүнүн ичинде субъект (агент, субагент) ушул Убактылуу жобонун 23-пунктунун 1, 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн талаптарды кайталап бузганда.

Статусу «Эсептен чыгарылган» деп өзгөртүлгөн субъект (агент, субагент) жөнүндө маалыматтар пилоттук долбоордун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин Реестрде сакталат.

24. Ушул Убактылуу жобонун алкагында Мамлекеттик агенттик тарабынан кабыл алынган чечимдерге, жасалган аракеттерге (аракетсиздикке) Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.