ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-октябры № 767««Манас» май куюу комплекси» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнүн маселелери жөнүндө» токтому

Редакция19.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 19-ноябры № 767

 

«Манас» май куюу комплекси» мамлекеттик

ишканасынын ишинин маселелери жөнүндө

 

Мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Манас» май куюу комплекси» мамлекеттик ишканасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Манас» май куюу комплекси» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Манас Инвест» мамлекеттик ишканасы деп кайра аталсын.

2.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Манас Инвест» мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

–   жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

4.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук ишканаларынын айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 7-пункттун 3-пунктчасы, 8-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пунктунун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күнөткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев