ТоктомКүчүндө

Ош шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 17-июнундагы №160 Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы №80 токтому менен бекитилген Ош шаарынын аймагында коомдук жана мамлекеттик муктаждыктарга алынуучу жер тилкенин жана жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлктүн менчик ээлерине компенсация берүү тартиби жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому

Редакция17.06.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ

 (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)

 

2026-жылдын 17-июну  № 160

Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы №80 токтому менен бекитилген Ош шаарынын аймагында коомдук жана мамлекеттик муктаждыктарга алынуучу жер тилкенин жана жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлктүн менчик ээлерине компенсация берүү тартиби жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы №80 токтому менен бекитилген Ош шаарынын аймагында коомдук жана мамлекеттик муктаждыктарга алынуучу жер тилкенин жана жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлктүн менчик ээлерине компенсация берүү тартиби жөнүндөгү Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселе боюнча Ош шаарынын мэриясынын юристи Н. Акылбек уулунун сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2026-жылдын 11-июнундагы №7 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

 

 

1.Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы №80 токтому менен бекитилген Ош шаарынын аймагында коомдук жана мамлекеттик муктаждыктарга алынуучу жер тилкенин жана жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлктүн менчик ээлерине компенсация берүү тартиби жөнүндөгү Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-3.3. пункттун 2-абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“Ээсинин макулдугу менен алып коюуга жаткан жер тилкенин үстүндөгү курулуш боюнча келтирилген чыныгы мүлктүк зыянды баалоо (көз карандысыз баалоочу тарабынан)”;

-4.1. пункттун биринчи сүйлөмү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“Жер тилкелердин жана анын үстүндөгү курулуштардын менчик ээлерине кенемте берүү маселесин укук ээсинин тандоосу боюнча атайын буйрук менен түзүлгөн комиссия аныктайт”;

-4.7. пункту “комиссиянын төрагасы” деген сөздөн кийин “укук ээсинин пикирин эске алуу менен” деген сөз менен толукталсын;

- 4.9. пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“Комиссиянын чечимине макул болбогон укук ээси Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Кодекс жана мыйзамдарына ылайык тиешелүү укук коргоо жана сот органдарына даттанууга укуктуу”;

-5.1. пунктунун биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынуучу жер тилкелер боюнча Ош шаарынын мэриясына кайрылууда Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери мыйзамдарда белгиленген тартипте менчик ээлерине көмөк көрсөтүү менен төмөнкү документтерди чогултат”;

-5.7. пункттун экинчи сүйлөмүндөгү “эске алуу” деген сөз “сактоо” деген сөзгө алмаштырылсын.

 

2.Ушул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3.Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияга (А.Камалов) жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

Б.Т. Баетов